Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-майы № 331
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматы жөнүндө жободо:
– 7-пунктта «Фрунзе көчөсү, 469» деген сөздөр «Жибек-Жолу проспекти, 322» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 17-пункттун сегизинчи–онунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– коррупциянын алдын алуунун ички системасынын иштешин камсыз кылат, анын ичинде коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгат жана киргизет;
– коррупциялык факторлорго мониторинг жүргүзүүнү уюштурат, аларды жоюу боюнча чараларды көрөт, Кызматтын кызматкерлери менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;
– Кызматтын кызматкерлери тарабынан мыйзамдардын сакталышына үзгүлтүксүз контролдоо, анын ичинде ченемдик талаптардын аткарылышына мониторинг, кызматтык аракеттердин мыйзамдуулугуна талдоо жүргүзөт жана бузуулар аныкталган учурда чараларды көрөт;».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-майындагы № 36 (3796) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |