СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XX-сессиясы
2026-жылдын 13-апрели №141
Кара-Булак элдик музейинин имаратын жана экспонаттарын өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Баткен райондук маданият бөлүмүнүн 2026-жылдын 31-мартындагы №01-06/59 сандуу катынын негизинде, этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 10-апрелиндеги отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Булак элдик музейинин имаратын жана экспонаттарын мыйзамдаштырып Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдап, мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго милдеттендирилсин.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
К. Шакиров |