СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XX-сессиясы
2026-жылдын 13-апрели №145
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “Жергиликтүү өз алдынча башкарууга 35 жыл-Жамааттардын демилгеси өнүгүүнүн келечеги” аттуу республикалык семинар-кеңешмесин өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджетинен 750 000 (жети жүз элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысына милдеттендирилсин.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
К. Шакиров |