Редакцияот 06.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

ДЕПУТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН I СЕССИЯСЫ

2026-жылдын 6-февралы №1/1

Баш-Кайыңды айыл аймагында 2025-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету   жөнүндө 

                                                                                        

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевдин отчетун угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин I сессиясы токтом кылат :

 

1.Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевдин 2025-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

 

2. Баш-Кайыңды айыл аймагында төмөндөгү жумуштарды аткарууга көңүл бурулсун:

- айыл аймагындагы айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга;

- долбоорлор менен иш алып барууга;

- сырттан инвестицияларды тартып келүүгө;

- 2025-жыл ичинде бүтпөй калган жумуштарды аягына чыгаруу;

- каралган акча каражаттарына карата тендерлерди өз убагында өткөрүү;

- айыл аймагында ирригация маселесине өзгөчө көңүл бурууга;

- Өзгөрүш айылындагы Сары-Тал жана Көк-Каптал каналдарын ишке киргизүүгө;

- көчүп-конуу жумуштарын ирээтке келтирүү,корук маселесин колго алуу;

- оруп-жыюу жумуштарына карата комбайндардын ремонтун өз убагында бүткөрүү,дан эгинге калтырылган жер аянттарын коромжусуз жыйнап алууга;

- айыл аймагындагы мусор төгүүчү жайларды ирээтке келтирүүгө;

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы    А.Жумалиевге милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемди укуктук     актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы

А.Чукулуковго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

  Төрага

А.Бокоев