Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-апрели № 296
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын
24-январындагы № 40 «Ысык-Көл» биосфералык аймагы
жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Ысык-Көл» биосфералык аймагынын чек араларын оптималдаштыруу жана жаратылышты пайдалануу режимдерине ылайык бөлүнгөн зоналардын функционалдуулугун камсыз кылуу, коомдун экологиялык, экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын шайкеш келтирип илимий негизде айкалыштыруу жолу менен Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта «2595397», «629599» деген цифралар тиешелүү түрдө «2577995,38», «647000,62» деген цифраларга алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жободо:
– 9-пунктта:
«2595397» деген цифралар «2577995,38» деген цифраларга алмаштырылсын;
6-пунктчада «624628» деген цифралар «607226,38» деген цифраларга алмаштырылсын;
таблицанын «Жалпы аянты, га менен» деген графасында «624628», «2595397» деген цифралар тиешелүү түрдө «607226,38», «2577995,38» деген цифраларга алмаштырылсын;
– 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10. Жалпы аянты 647000,62 га болгон өткөөл зона айыл чарба жерлерин жана өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жерлерин жана башка багыттагы жерлерди, ошондой эле калктуу конуштардын аймактарын жана долбоорлонуп жаткан Асман экологиялык шаарынын, пансионаттардын аянтын жана Ысык-Көл ойдуңунун буфердик зонага кирбеген калган аймагын камтыйт.
№ | Аталышы | Жалпы аянты, га менен |
1 | Калктуу конуштардын жерлери | 15613 |
2 | Асман экологиялык шаары | 3143 |
3 | Айыл чарба багытындагы жерлер жана башка жерлер | 576071 |
4 | Жалпы жайылган кендерге лицензиялык аянттар | 34772 |
5 | Мамлекеттик жер запасынын жерлери | 17401,62 |
Баары: | 647000,62 | |
». | ||
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
1) «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын иштөө режимдерин сактоону камсыз кылсын;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдон келип чыгуучу чаралар тартылган мамлекеттик органдардын, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бекитилген штаттык санынын чегинде, ошондой эле тиешелүү жылга каралган бюджеттин алкагында жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 1-майындагы № 33 (3793) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |