Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 15-майы № 172
Саясий мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишин убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишин ушул Жарлык күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдык мөөнөткө убактылуу укуктук жөнгө салуу (мындан ары – убактылуу укуктук жөнгө салуу) киргизилсин.
2. Убактылуу укуктук жөнгө салуунун алкагында саясий мамлекеттик кызмат орунду, саясий муниципалдык кызмат орунду ээлеген адам Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими же тапшырмасы боюнча айкалыштыруу боюнча дайындалышы мүмкүн деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчисинин же болбосо Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысынын кызмат ордуна;
2) өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын башкаруу органдарына, ошондой эле улуттук инвестициялык долбоорлорду же мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн юридикалык жактардын башкаруу органдарына, эгерде мындай дайындоо ошол юридикалык жактардын ишинде мамлекеттин кызыкчылыктарын натыйжалуу билдирүү зарылдыгы менен байланышкан болсо.
3. Убактылуу укуктук жөнгө салуунун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн кызмат орундарын айкалыштырууда эмгек акы төлөө коомдук башталышта (акысыз негизде) гана жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети убактылуу укуктук жөнгө салуу жакшы ишке ашырылган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-майындагы № 36 (3796) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |