Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрели № 313 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлине, аларды жогорулатуу боюнча ишке ашырылуучу чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлине, аларды жогорулатуу боюнча ишке ашырылуучу чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлине, укуктук маалымдоо системасынын алкагында ишке ашырылуучу чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо (мындан ары – мониторинг жүргүзүү жана баалоо), ошондой эле аны андан ары өнүктүрүү боюнча негиздүү башкаруу чечимдерин кабыл алуу тартибин аныктайт. Ушул Жободо каралган мониторинг жүргүзүү жана баалоо мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – ЖӨБО) тарабынан тиешелүү финансылык жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган бюджеттик ассигнованиелердин чегинде жана алардын белгиленген ыйгарым укуктарынын алкагында жүзөгө ашырылат.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) топтук укуктук аң-сезим – айрым социалдык топтордун жана кесиптик жамааттардын укугуна болгон мамиле;
2) жеке укуктук аң-сезим – индивиддин укукка болгон жеке мамилеси, ал анын укуктук чындыкты субъективдүү кабыл алуусун жана укук ченемдүү жүрүм-турумга даярдыгын чагылдырат;
3) корпоративдик укуктук аң-сезим – ар түрдүү кесиптердин, социалдык топтордун жана калктын катмарларынын өкүлдөрүнүн укуктук аң-сезими;
4) массалык укуктук аң-сезим – калктын кеңири массасынын укуктук аң-сезими;
5) мониторинг жүргүзүү – изилденип жаткан көрүнүштүн динамикасын жана прогрессин баалоо үчүн негизги маалыматтарды (индикаторлорду) үзгүлтүксүз чогултуу жана талдоо процесси;
6) коомдук укуктук аң-сезим – бүткүл калктын укукка болгон мамилеси (бардык болгон мезгилде укук жөнүндө топтолгон билимдердин, түшүнүктөрдүн суммасы);
7) баалоо – конкреттүү максаттарга жетүү үчүн иштин актуалдуулугун, майнаптуулугун, натыйжалуулугун жана туруктуулугун системалуу жана объективдүү изилдөө;
8) индивиддин укуктук эрки (аракетке даярдык) – адамдын укуктук баалоонун негизинде өз жүрүм-турумунун укук ченемдүүлүгүн же укук ченемдүү эместигин аныктаган чечимди кабыл алуу жөндөмдүүлүгү;
9) укуктук идеология – коомдун укук жөнүндө көз караштарынын, идеяларынын жана ишенимдеринин системасы, ал калктын укукка болгон мамилесин, укуктук доктриналарды, принциптерди жана негизги түшүнүктөрдү камтыйт;
10) укуктук маалымат – бул укуктук ченемдерге, актыларга, институттарга жана жол-жоболорго тиешелүү маалыматтардын жыйындысы, ал жарандардын укуктук аң-сезимин калыптандырууга жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт;
11) укуктук маданият – коомдун укукка болгон жалпы билим деңгээли жана объективдүү мамилеси; укуктук билимдердин тиричилик аракети процессинде түзүлүүчү, өз ара аракеттенүү субъекттеринин эмгегинде, баарлашуусунда жана жүрүм-турумунда көрүнүүчү жана маданий жана укуктук тарбиялоо жана окутуу системасынын таасири менен калыптануучу ченемдер, ишенимдер жана көрсөтмөлөр түрүндөгү жыйындысы;
12) индивиддин укуктук баалоосу (укуктук чындыкты баалоо) –маалыматтын (билимдердин), жеке тажрыйбасынын, ишенимдердин жана сезимдердин негизинде түзүлүүчү индивиддин укуктук чындыкты субъективдүү баалоосу;
13) укуктук психология – сезимдерде, маанайларда жана тынчсызданууларда билинген укуктук көрүнүштөрдү калктын жана айрым адамдардын эмоциялык баалоосу;
14) укуктук аң-сезим – укуктук көз караштардын, теориялардын, идеялардын, түшүнүктөрдүн, ишенимдердин, баалоолордун, маанайлардын, сезимдердин системасын билдирген коомдук жана жеке аң-сезимдин бир түрү, анда индивиддердин, социалдык топтордун, бүтүндөй калктын учурдагы жана каалаган укукка, укуктук көрүнүштөргө, укук чөйрөсүндөгү адамдардын жүрүм-турумуна болгон мамилеси көрсөтүлөт (укуктук көрүнүштөрдү субъективдүү кабыл алуу).
3. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлинин абалына, аларды жогорулатуу боюнча ишке ашырылуучу чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо механизмин түзүү;
2) алынган маалыматтарды талдоонун негизинде укуктук маалымдоо системасын өнүктүрүүнүн негизги стратегиялык багыттарын аныктоо.
4. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бардык катышуучулардын ишин координациялоо;
2) укуктук маалымдоо системасын өнүктүрүүдө динамиканы жана негизги тенденцияларды өз убагында аныктоо;
3) укуктук маалымдоонун сапатына таасир этүүчү факторлорду аныктоо, алардын таасирин минималдаштыруу жана терс кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүү;
4) мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун калктын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатуу боюнча жоопкерчилигин күчөтүү.
5. Мониторинг жүргүзүү төмөнкү принциптерге негизделет:
1) объективдүүлүк;
2) мыйзамдуулук;
3) ачыктык;
4) илимий негиздүүлүк;
5) маалыматтарды чогултуунун системалуулугу.
2-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби
6. Мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону уюштуруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтуна (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) жүктөлөт.
7. Мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн уюштуруучулук негизи болуп мониторинг жүргүзүү жана баалоо субъекттери менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жыл сайын бекитилүүчү план саналат, анда төмөнкүлөр аныкталат: формасы, багыты, аны өткөрүү мөөнөттөрү жана тартиби, ошондой эле аткарууга пландалып жаткан иш-чаралардын жооптуу аткаруучулары.
8. Мониторинг жана баалоо ушул Жобонун 3-главасына ылайык жылына бир жолу жүргүзүлөт. Калктын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын абалы жөнүндө отчеттуулуктун формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 «Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
9. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо планын ишке ашыруу төмөнкү иш-аракеттердин ырааттуулугун болжолдойт:
1) объектти аныктоо жана негиздөө;
2) маалыматтарды чогултуу;
3) маалыматты сактоону жана ыкчам пайдаланууну камсыз кылган маалыматтарды түзүмдөштүрүү;
4) алынган маалыматтарды иштеп чыгуу;
5) алынган маалыматтарды талдоо;
6) мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларын колдонуучулар арасында жыйылтуу.
10. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо объекттери болуп төмөнкүлөрдүн деңгээлдери саналат:
1) калктын укуктук аң-сезиминин;
2) калктын укуктук маданиятынын;
3) калктын укуктук аң-сезимин жана укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча ишке ашырылуучу чаралардын натыйжалуулугунун.
11. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо субъекттери: мониторинг жүргүзүү жана баалоо планында көрсөтүлгөн тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО бөлүмдөрү.
12. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтында жарыяланууга тийиш.
3-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо методологиясына коюлган жалпы талаптар
13. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо процессинде алынган маалымат төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) объективдүүлүк (маалымат иштин чыныгы абалын чагылдырууга тийиш);
2) тактык (өлчөөдөгү каталар минималдуу болууга тийиш);
3) толуктук (маалымат булактары оптималдуу болууга тийиш);
4) жетиштүүлүк (маалыматтын көлөмү негиздүү чечим кабыл алууга мүмкүндүк берүүгө тийиш);
5) системалуулук (ар түрдүү булактардан алынган маалымат бирдиктүү көрсөткүчкө келтирилүүгө тийиш);
6) ыкчамдуулук (маалымат өз убагында берилүүгө тийиш);
7) жеткиликтүүлүк (маалымат чечүүнү талап кылган реалдуу проблемаларды көрүүгө мүмкүндүк берген формада берилүүгө тийиш).
14. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун алкагында колдонулуучу өлчөөлөр объекттин сапаттык да, сандык да мүнөздөмөлөрүн аныктоого багытталууга тийиш.
15. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун методдору төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) эксперттик баалоо, ал мамлекеттик органдардын, илимий жана билим берүү уюмдарынын, жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрүнөн турган, профилдик компетенцияга ээ эксперттик топторду түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат, андан кийин эксперттик сессиялар өткөрүлүп, корутундулар жана сунуштамалар даярдалат;
2) тестирлөө, ал укуктук билимдердин деңгээлин аныктоого жана негизги укуктар менен милдеттерди түшүнүүгө багытталган, стандартташтырылган сурамжылоолор формасында жүргүзүлөт, андан кийин натыйжалар иштетилет;
3) анкета жүргүзүү жана сурамжылоолор, алар ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген инструменттер боюнча калктын ар түрдүү категорияларынын арасында маалыматты чогултуунун жеке, аралыктан же электрондук формалары аркылуу ишке ашырылат;
4) ажырымдоо, ал аймактарды, максаттуу топторду же иш багыттарын укуктук аң-сезимдин жана укуктук маданияттын белгиленген көрсөткүчтөрү боюнча салыштырмалуу баалоо үчүн колдонулат;
5) байкоо, ал калктын укуктук жүрүм-турумунун көрүнүштөрүн жана укуктук маалымдоо субъекттеринин ишин системалуу түрдө фиксациялоо, андан кийин аналитикалык жалпылоо жолу менен жүзөгө ашырылат;
6) мыйзамдарды жана укук колдонуу практикасын талдоо, ал боштуктарды, коллизияларды жана системалуу проблемаларды аныктоо максатында ченемдик укуктук актыларды, сот практикасын, жарандардын кайрылууларын жана мамлекеттик органдардын материалдарын изилдөө жолу менен жүргүзүлөт;
7) билим берүү программаларын талдоо, ал билим берүү уюмдарынын окуу пландарына, программаларына жана методикалык материалдарына укуктук жактан агартуу жана кадрларды даярдоо бөлүгүндө мониторинг жүргүзүүнү камтыйт;
8) социологиялык изилдөөлөр, алар социалдык, курактык жана аймактык топтор боюнча натыйжалардын репрезентативдүүлүгүн камсыз кылуучу маалыматтарды тандоонун жана чогултуунун илимий жактан негизделген методдорун колдонуу менен жүргүзүлөт;
9) маалыматты статистикалык иштетүү, ал сыпаттоочу жана аналитикалык статистиканын методдорун колдонуу менен сандык көрсөткүчтөрдү агрегациялоо, салыштыруу жана талдоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
Ушул пунктта каралган методдорду колдонуунун натыйжалары системалаштырылууга тийиш жана аналитикалык отчетторду түзүү жана укуктук маалымдоо системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо үчүн пайдаланылат.
4-глава. Калктын укуктук аң-сезиминин деңгээлине
мониторинг жүргүзүү жана баалоо
16. Калктын укуктук аң-сезиминин деңгээлине мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун негизги инструменти болуп төмөнкү беш изилденүүчү чөйрө (мындан ары – чөйрөлөр) боюнча социологиялык сурамжылоо саналат:
1) укуктук идеология;
2) укуктук психология;
3) укуктук маалымат;
4) индивиддин укуктук баалоосу (укуктук чындыкты баалоо);
5) индивиддин укуктук эрки (аракетке даярдык).
Суроолорго берилген жооптор 10 баллдык шкала боюнча бааланат.
17. Анкета жүргүзүү үчүн суроолор ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүгө тийиш.
18. Укуктук аң-сезимдин ар бир чөйрөсүнүн мааниси ушул чөйрөгө тиешелүү суроолордун тобуна жооптордун орточо көрсөткүчүн эсептөө жолу менен аныкталат. Эсептөөнүн техникалык алгоритмдери, маалыматтарды шкалага бөлүштүрүү жана статистикалык иштетүү тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
19. Бардык чөйрөлөр боюнча жыйынтыкталган маалыматтардын негизинде укуктук аң-сезимдин деңгээлинин жыйынтыктоочу индекси чыгарылат, ал калктын укуктук маданиятынын абалы жөнүндө аналитикалык отчетту даярдоо үчүн негиз болуп саналат.
20. Социологиялык изилдөөнүн натыйжалары укуктук аң-сезимдин төмөнкү деңгээлдерин камтууга тийиш: топтук, корпоративдик, массалык жана коомдук.
21. Анкеталарды түзүү этабында ушул Жобонун 20-пунктунда каралган укуктук аң-сезимдин деңгээлдеринин бирине таандыктыгы жөнүндө бөлүмдөр көрсөтүлөт, ал эми программалоо этабында – анкета жүргүзүлгөн адамдын тиешелүү деңгээлге таандыктыгына жараша жооптор иргелет.
22. Укуктук аң-сезимдин деңгээлинин негизинде графикалык методдорду колдонуу менен Кыргыз Республикасынын региондору боюнча визуалдык аналитикалык маалыматтар түзүлүшү мүмкүн.
23. Ыйгарым укуктуу орган жылдык пландардын негизинде Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук аң-сезиминин деңгээлин изилдөө боюнча социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү уюштурат жана алардын натыйжаларын жарыялайт.
24. Анкета жүргүзүү үчүн суроолор жана баалоо методикасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
5-глава. Калктын укуктук маданиятынын деңгээлине
мониторинг жүргүзүү жана баалоо
25. Калктын укуктук маданиятынын деңгээлине мониторинг жүргүзүүнүн негизги инструменти болуп терс укуктук жүрүм-турумдун (мындан ары – ТУЖ) түрлөрү боюнча статистикалык маалыматтарды талдоо саналат.
26. Укуктук маданияттын деңгээлин баалоо төмөнкүдөй формула боюнча изилденет:
мында:
УМи – укуктук маданият индекси
ТУЖ – терс укуктук жүрүм-турумдун түрлөрү боюнча көрсөткүчтөрдүн суммасы
ОУЖ – оң укуктук жүрүм-турумдун түрлөрү боюнча көрсөткүчтөрдүн суммасы
27. ТУЖ жана ОУЖ тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
28. УМинин негизинде графикалык методдорду колдонуу менен Кыргыз Республикасынын региондору боюнча визуалдык аналитикалык маалыматтар түзүлүшү мүмкүн.
29. Статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген маалыматтардын негизинде укуктук маданият индексин изилдөөлөрдү жарыялайт.
6-глава. Калктын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо
30. Калктын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралардын натыйжалуулугунун деңгээлине мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун негизги инструменти болуп мониторинг жүргүзүү жана баалоо планын аткаруу жөнүндө маалыматты талдоо саналат.
31. Калктын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
32. Отчеттук мезгилде калктын укуктук аң-сезимин жана укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча иштин натыйжалуулугун баалоодо мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун жылдык иши кабыл алынат жана көрсөткүчтүн өзгөрүү динамикасы боюнча тиешелүү багытта калктын укуктук аң-сезимин жана укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча иштин негизинде баа берилет.
7-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо планын аткарбагандык үчүн жоопкерчилик
33. Ушул Жобонун 2-главасында каралган мониторинг жүргүзүү жана баалоо планын аткаруучулар болуп саналган мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО жетекчилери пландалган иш-чаралардын өз убагында жана талаптагыдай аткарылышы, маалыматтардын толук, ишенимдүү жана өз убагында берилишин камсыз кылуу үчүн тартиптик жоопкерчилик тартат.
34. Ыйгарым укуктуу орган жыл сайын ушул Жобонун 2-главасында каралган мониторинг жүргүзүү жана баалоо планынын иш-чараларынын аткарылышы жөнүндө аналитикалык отчетту түзөт жана аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберет.
Отчетто мониторинг жүргүзүү жана баалоо планынын иш-чараларын аткарбаган же аткаруу мөөнөттөрүн бузган мамлекеттик органдар жана ЖӨБО жөнүндө маалыматтар чагылдырылууга тийиш.
35. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун алкагында берилген маалыматтарды жасалмалоо фактылары аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн материалдарды компетенттүү мамлекеттик органдарга жиберүүгө укуктуу.