Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-апрели № 310
Калкты электр, жылуулук энергиясы жана (же) отун ресурстары менен камсыз кылуучу уюмдарга карата салыктык төлөм талаптарын коюудан бошотуу жөнүндө
Калкты электр, жылуулук энергиясы жана (же) отун ресурстары менен камсыз кылууга тартылган уюмдардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85-беренесинин 8-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Калкты электр, жылуулук энергиясы жана (же) отун ресурстары менен камсыз кылууга тартылган, алыш-бериш эсептерине салыктык төлөм талаптары коюлбай турган уюмдардын тизмеги ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардын алыш-бериш эсептерине 2026-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда салыктык төлөм талаптары коюлууга тийиш эмес деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардын алыш-бериш эсептерине ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген мөөнөттө салыктык төлөм талаптарынын коюлбашын камсыз кылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 1-майындагы № 33 (3793) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Калкты электр, жылуулук энергиясы жана (же) отун ресурстары менен камсыз кылууга тартылган, алыш-бериш эсептерине салыктык төлөм талаптары коюлбай турган уюмдардын тизмеги
№ | Уюмдардын аталышы | ИНН |
1 | «Электр станциялар» ачык акционердик коому | 01810200110062 |
2 | «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому | 02512200110100 |
3 | «Чакан ГЭС» ачык акционердик коому | 00811200010039 |
4 | «Кыргызкөмүр» ачык акционердик коому | 00209202510219 |
5 | «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасы | 00808202410151 |
6 | «Ош шаарынын жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасы | 00909202410276 |
7 | «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы | 00808202410330 |
8 | Орловка шаарынын мэриясынын алдындагы «Орловкадагы жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасы | 00508202410283 |
9 | «Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы» муниципалдык ишканасы | 02609202410202 |
10 | Кант шаарынын мэриясына караштуу «Кант-Жылуулук» муниципалдык ишканасы | 01709202410361 |
11 | Нарзан айыл өкмөтүнүн алдындагы «Нарзан жылуулук» муниципалдык ишканасы | 00310202410170 |
12 | Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасы | 01209202510496 |
13 | «Сокулук» муниципалдык ишканасы | 02709201810076 |
14 | «Таза-Айыл» муниципалдык ишканасы | 02207201410335 |
15 | Кожомкул айыл өкмөтүнө караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы | 00603200810151 |
16 | «Кара-Балта жылуулукэлектр борбору» муниципалдык ишканасы | 01709202410359 |
17 | «Кемин Тазалык» муниципалдык ишканасы | 00604202310544 |
18 | «Жашыл Мурас» муниципалдык ишканасы | 01604202410585 |
19 | «Талас жылуулук камсыздоо ишканасы» муниципалдык ишканасы | 00108202410063 |
20 | «Нарын шаардык «Нарын жылуулук берүү» муниципалдык ишканасы | 02908202410028 |
21 | «Чаек» муниципалдык ишканасы | 00512202310355 |
22 | «Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы» муниципалдык ишканасы | 00208202410374 |
23 | «Чолпон-Ата жылуулук» муниципалдык ишканасы | 00208202410361 |
24 | «Балыкчы жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасы | 00208202410387 |
25 | «Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканасы | 03107202410064 |
26 | «Кочкор-Ата жылуулук» муниципалдык ишканасы | 03107202410077 |
27 | «Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы» муниципалдык ишканасы | 03107202410102 |
28 | «Кара-Көл жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасы | 03107202410166 |
29 | «Манас шаарынын мэриясынын «Жылуулук» муниципалдык ишканасы | 03107202410112 |
30 | «Базар-Коргон сууканал» муниципалдык ишканасы | 01409201510250 |
31 | «Шамалдуу-Сай жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканасы | 00411202410180 |
32 | «Өзгөн жылуулук» муниципалдык ишканасы | 02207202410065 |
33 | «Араван Жылуулукту камсыздоо ишканасы» муниципалдык ишканасы | 01007202410541 |
34 | «Кара-Суу жылуулук» муниципалдык ишканасы | 02507202410417 |
35 | «Ноокат жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасы | 02605201610101 |
36 | «Кызыл-Кыя жылуулук» муниципалдык ишканасы | 00908202410037 |
37 | «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы | 00205199410037 |
38 | «Ошжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы | 01810200110062 |