Редакцияот 01.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

    ТОКТОМ

                                                                                         

Базар-Коргон шаардык кеңешинин II -чакырылышынын

кезексиз XIII -сессиясынын

 

  2025-жылдын  1-октябрындагы №2

 

Базар-Коргон шаарынын К.Култаев көчөсүндө жайгашкан шаардык мэриянын муниципалдык менчигиндеги 3-02-03-0005-1250 сыр белгиси менен катталган курулуш куруу багытындагы 10984,40 чарчы метр жер аянтын, Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратын куруу үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктун жана 19-беренесин жетекчиликке алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевдин 24.09.2025-жылкы чыгыш №01-28/2835 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.  Базар-Коргон шаарынын К.Култаев көчөсүндө жайгашкан шаардык мэриянын муниципалдык менчигиндеги 3-02-03-0005-1250 сыр белгиси менен катталган курулуш куруу багытындагы 10984,40 чарчы метр жер аянтын, Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратын куруу үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.  Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Юсуповго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

                                       К.К.Анарбеков