КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-апрели № 398-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызмат ордуна талапкерге Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген сунуштаманы карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Барыктабасова Эльмира Бектургановна курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызмат ордуна шайлансын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| М.Маматалиев |