Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин   II  чакырылышынын

кезектеги  XII  сессиясы

 

2025-жылдын  9-сентябрындагы  № 4

 

“Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2030-жылга чейин социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча түзүлгөн иш-планын бекитип берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын                          27,34,45-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын                          5-июнундагы ПЖ №178 “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнү улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэринин орун басары Н.Ж.Ашимовдун 10.07.2025жылкы №10-4/67 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет,экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

             1. Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2030-жылга чейин социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча түзүлгөн иш-планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин.

 

              2.  Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

 

              3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

                 К.К.Анарбеков