Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин   II  чакырылышынын

кезектеги  XII  сессиясы

 

2025-жылдын  9-сентябрындагы  № 5

 

““Базар-Коргон жылуулук” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигин бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын                          27,34,65-беренелерин аткарууга алып, 04.09.2025-жылкы чыгыш №10-4/2567 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет,экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II–чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

             1. “Базар-Коргон жылуулук” муниципалдык ишканасы 17 (он жети) штат бирдиги менен иш жүргүзүп келген. Бүгүнкү күндө “Базар-Коргон жылуулук” муниципалдык ишканасы өзүнчө бөлүнүп иш алып барып жаткандыгына байланыштуу кошумча 1 (бир) иш-кагаздарын жүргүзүүчү адис, жалпысы болуп 18 (он сегиз) штаттык бирдигин бекитип берүүгө макулдук берилсин.

              2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевге жүктөлсүн.

              3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

                 К.К.Анарбеков