Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын
кезексиз XIV-сессиясынын
2025-жылдын 14-октябры №1
IV Элдик Курултайга Базар-Коргон шаарынан делегаттарды шайлоо жөнүндө
“IV Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 11-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 Жарлыгына, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин 03.10.2025-жылкы чыгыш №01-28/2956 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 Жарлыгынын негизинде IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Базар-Коргон шаарына бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайын өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планынын тийиштүү пунктары боюнча колдоого алынсын.
2. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Базар-Коргон шаарына бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин
3. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Базар-Коргон шаарына бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайын өткөрүү боюнча графиги жана жыйындарды өткөрүүгө жооптуу депутаттардын тизмеси №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Базар-Коргон шаарына бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайын өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоо жагы Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
5. Токтомду аткаруу жана уюштуруу иштерин алып баруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Аскар кызы Жанаргүлгө милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков |
|
Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2025-жылдын 14-октябрындагы II-чакырылышынын кезексиз XIV- сессиясынын №1-токтомуна №1 тиркеме |
Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Базар-Коргон шаарына бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
№ | Ф.А.А. | кызматы |
1 | Мусамбетов Байкал Ботобекович | депутат |
2 | Абдисаматова Рахима Якяжановна | депутат |
3 | Мамануров Хасанбай Мамажанович | депутат |
4 | Ахмадалиев Маматкадыр | мэриянын кызматкери |
5 | Турдукулов Медет | мэриянын кызматкери |
Базар-Коргон шаардык кеңешинин төрагасы: |
К.К.Анарбеков |
|
Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2025-жылдын 14-октябрындагы II-чакырылышынын кезексиз XIV- сессиясынын №1-токтомуна №2 тиркеме
|
Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Базар-Коргон шаарына бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайын өткөрүү боюнча графиги жана жыйындарды өткөрүүгө жооптуу депутаттардын тизмеси
№ | Шайлоо участкасы | Элдин саны | Жыйын өтүүчү күнү, убактысы | Жыйын өтүүчү орду | Көрсөтүлгөн делегаттардын саны | Жооптуу депутаттар |
1 | Жети-Кошкон №2377 | 1361 | 21.10.2025 саат 12-00 | №24 Нурдавлетов мектеби | 4 | Базаркулова Г. .
|
2 | Юбилейная №2131 Сай-Коргон №2421 №63 Лицей №2459 | 8416 | 21.10.2025 саат 14-00
| №30 Ө.Атабекова мектеби
| 21 | Закиров И. Калдаров Т. Марамов С. Урмаматов М. Ташиева К.
|
3 | Беш-Бадам №2136 | 1920 | 21.10.2025 саат 16-00 | №23 Эралиев мектеби | 5 | Мажиев Н. Масиров Т. Жалилов А. |
4
| Дзержинский-1 №2132 Дзержинский-2 №2448 Московский №2133 Базар-Коргон №2375 Бөкөнбаев №2376 | 20601 | 22.10.2025 саат 14-00
| №1 Макаренко мектеби
| 51 | Мирзахмедов Т. Сайдуллаев З. Сатаров Р. Саттаров М. Хамиткулова Д. Юсупов З.
|
5 | Ленин-МТФ №2422 Кеңеш №2135 Комсомол №2134 | 13489 | 22.10.2025 саат 16-00
| №4 Навои мектеби
| 33 | Джамалдинов З. Махкамов А. Махкамова О. Мирзабаев И. Ахмадалиев А. Юсупов Д. |
6 | Кара-Үнкүр №2141 Бабаш-Ата №2140 Арпачы №2428 Суу-Башы №2423 | 14617 | 23.10.2025 саат 15-00
| “Совет”МАБдын имараты
| 36
| Алыкулов Г. Аскар к.Ж. Малик у.К. Миңбаев Н. Насирдинов Э. Токоев Б.
|
| Жалпысы: | 60404 |
|
| 150 |
|
Базар-Коргон шаардык кеңешинин төрагасы: |
К.К.Анарбеков |