Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин   II  чакырылышынын

кезектеги  XII  сессиясы

 

2025-жылдын  9-сентябрындагы  № 6

 

“Базар-Коргон шаарына караштуу М.Сулайманов көчөсүндөгү 1969,7 чарчы метр жер тилкесин Базар-Коргон райондук прокуратурасынын талабынын негизинде Базар-Коргон шаарынын мэриясынын атына мамлекеттик акты алынгандыгына байланыштуу муниципалдык менчик реестрине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-,34-,45-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жетекчиси А.Юсупжановдун 05.08.2025-жылдын чыгыш №01-4/325 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

            1.  Базар-Коргон шаарына караштуу М.Сулайманов көчөсүндөгү идентификациялык номери 3-02-03-0002-1159 сандуу сыр белгиси менен катталган 1969,7 чарчы метр жер тилкесин Базар-Коргон райондук прокуратурасынын талабынын негизинде Базар-Коргон шаарынын мэриясынын атына мамлекеттик акты алынгандыгына байланыштуу муниципалдык менчик реестрине кабыл алууга макулдук берилсин. Тиркеме №1 тиркелет.

              2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевге жүктөлсүн.

              3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

                 К.К.Анарбеков