Редакцияот 19.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ 

 

2025-жылдын 19-сентябры  № 5/6

 

Казыбек айыл аймагында убактылуу

комиссия түзүү жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши: 

  ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Туу айылында социалдык обьектилердин ишке жараксыз деп инвентарлары ж.б жөнүндө айылдын депутаттарынан, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен жана айыл башчыларынан убактылуу комиссия курамы түзүлсүн;

 

               Кызыл-Туу айылы

 

1.Ф.Токушева-депутат,кеңештин төрагасынын орун басары

     2.Б.Мамытов-Казыбек айыл өкмөтүнүн орун басар-катчысы

3.Ж.Имаков-депутат,айыл чарба комитетинин мүчөсү

4.М.Эсенгулов-депутат,социалдык маселелер боюнча комитеттин мүчөсү

5.Г.Керималиева-депутат,мыйзамдуулук боюнча комитеттин мүчөсү

6.Т.Исаков-Казыбек айыл өкмөтүнүн экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы

7.М.Садырбек уулу- социалдык обьектилер боюнча адис

8.А.Исмаилова-чарба башчысы

9.С.Өмүракунов-депутат,айыл чарба комитетинин мүчөсү

 

 

2.Түзүлгөн убактылуу комиссия Кызыл-Туу айылынын К.Керималиев орто мектебине жана “Сезимтал” бала бакчасына жеринде барып түзүлгөн Актыларына ылайык чыгымдоо  жүргүзүшсүн.

 

3.Ушул токтомду  каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.

4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Тѳрага:

Э. Султаналиев