Редакцияот 14.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

    ТОКТОМ

                                                                                         

Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз

XIV-сессиясынын

 

 

  2025-жылдын  14-октябрындагы №2

 

Базар-Коргон шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо боюнча тиркемесин бекитип берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 Жарлыгына ылайык, Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевдин 08.10.2025-жылкы чыгыш №01-28/3008 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XIV -сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    Базар-Коргон шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо тиркемеге ылайык аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.Тиркеме №1

2.    Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевге жүктөлсүн.

3.    Токтомдун көчүрмөсү Базар-Коргон райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А. Нарматовго жөнөтөлсүн.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Аскар кызы Жанаргүлгө милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

                                       К.К.Анарбеков