Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 15-апрели № 393-VIII
«2025-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана
өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну
(«Кемин» көмөк чордону менен «Балыкчы» жаӊы көмөк чордонунун
ортосунда 500 кВ аба электр берүү чубалгысын куруу долбоору) жана
Кыргыз Республикасы, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык
акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү
банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Кемин» көмөк
чордону менен «Балыкчы» жаңы көмөк чордонунун ортосунда 500 кВ
аба электр берүү чубалгысын куруу долбоору) ратификациялоо
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 9-мартындагы чыг. № 18-2593) «2025-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Кемин» көмөк чордону менен «Балыкчы» жаӊы көмөк чордонунун ортосунда 500 кВ аба электр берүү чубалгысын куруу долбоору) жана Кыргыз Республикасы, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Кемин» көмөк чордону менен «Балыкчы» жаңы көмөк чордонунун ортосунда 500 кВ аба электр берүү чубалгысын куруу долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 23-апрелинде https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7618 расмий сайтында жарыяланды
Төраганын орун басары |
Б.А. Ибрагимов |