Редакцияот 03.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин он бешинчи сессиясы

 

2026-жылдын 3-апрели № 26

  Орозбеков айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-майындагы “Орозбеков айылынын  Кара-Кечүү  участкасынан жер аянтын трансформациялоо жөнүндө” №27  токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

                                                                                                                                         

    Күн тартибиндеги маселени карап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып,  Орозбеков айылдык кенеши жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун  угуп жана талкуулап  токтом кылат:

 

  1. Орозбеков айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-майындагы “Орозбеков айылынын  Кара-Кечүү  участкасынан жер аянтын трансформациялоо жөнүндө” №27  токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
  2. 1-пункттагы Орозбеков айылынын Кара-Кечүү участкасынын  №711 контурундагы 0,50 га жер аянтын жайыт жерлер  багытынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер багытына  которууга макулдук берилсин деген сүйлөмдөгү №711 контуру  №710 контуру  болуп өзгөртүлсүн.                                                                                                                                                                                                          
  3. Токтом  Орозбеков айыл өкмөтүнүн  расмий веб-сайтында жарыялансын.
  4.  Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кеңештин  жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына

Төраганын орун басары

А.Бактыбаев