ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин он бешинчи сессиясы
2026-жылдын 3-апрели № 27
Өндүрүш айылынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 19,20-пункттарын жана 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кенеши жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
- Өндүрүш айылынан 1,0 га жер аянтын “айыл чарба жерлер” багытынын жайыт түрүнөн “калктуу конуштардын жерлери”(социалдык объект) багытына которууга макулдук берилсин.
- Которулган жер аянты муниципалдык менчикке катталып, кичи футбол аянтча куруу максатында пайдаланылсын.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөткө тапшырылсын.
- Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
- Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А.Бактыбаев |