ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин он бешинчи сессиясы
2026-жылдын 3-апрели № 29
Орозбеков айыл аймагындагы жайыттарга чет өлкөдөн келген мал-жандыктарды киргизбөө жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин 21-беренесин, жана“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кенеши жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
- Орозбеков айыл аймагындагы жайыттарга чет өлкөдөн келген мал-жандыктарды киргизүүгө тыюу салынсын.
- Жайыттарга чет өлкөдөн келген мал-жандыктарды киргизбөө боюнча иштерди алып баруу, токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнөжана муниципалдык ишканага милдеттендирилсин.
- Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
- Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А.Бактыбаев |