Редакцияот 22.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

 2026-жылдын 22-апрели № 400-VIII

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясын шайлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы кызмат ордуна талапкерге Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген сунуштаманы карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыдыралиева Бакыт Амантуровна курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы кызмат ордуна шайлансын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

М.Маматалиев