Редакцияот 17.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

    ТОКТОМ

                                                                                         

Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын

 ХV-сессиясынын

 

 

  2025-жылдын  17-декабрындагы №2

 

Базар-Коргон шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетине 2025-жылдын 9 айына карата өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын №59 Бюджеттик кодексинин 78-беренесин, 117-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык, 05.12.2025-жылкы чыгыш №10-4/3795 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет,экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II -чакырылышынын ХV-сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    1. Базар-Коргон шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчисинин берген билдирүүсүнүн негизинде 2025-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө төмөндөгүдөй отургузулсун

 

а) 70443-разделдин 3111-статьясына +2900,0 миң сомго

 

б) 70443-разделдин 2215-статьясына +350,0 миң сомго

   

в) 70629-разделдин 3111-статьясына +750,0 миң сомго

 

Жалпысы болуп +4000,0 миң сом акча каражаты жогоруда көрсөтүлгөн разделдин элементтерине отургузулсун.

 

Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу жаңы ачылган бала бакчага кошумча тайпаларга 3950,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн атайын каражаттар эсебине төмөндөгүдөй отургузулсун

 

а) 70911-разделдин 14232400-статьясына +3950,0 миң сомго

б) 70911-разделдин 2218-статьясына +3950,0 миң сомго

 

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

                                       К.К.Анарбеков