Редакцияот 18.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XXIII сессиясы

(VIII чакырылыш)

2026-жылдын 18-марты №23/98

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 19-августундагы  №13/50 “Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүнүн №117 дарегинде жайгашкан жер тилкесин жана имаратын алмашуу жолу менен муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө”  токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын Т.Кулатов көчөсүндө жайгашкан 3000,0 чарчы метр жер тилкесин КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүп берүү боюнча сунуш берилип, Кызыл-Кыя шаардык кеңеши тарабынан 2025-жылдын 19-августундагы №13/50 токтому кабыл алынган.

Бирок, бүгүнкү күнгө чейин КР УКМКнин Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүндөгү КР УКМКнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Кызыл-Кыя шаарындагы бөлүмүнүн мурдагы имараты Кызыл- Кыя шаарынын муниципалдык балансына өткөрүп берилген жок.

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык балансына өткөрүп берүү жумуштары кечиктирилгенине байланыштуу, Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндөгү жер тилкесин “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААКсынын (ГИК) балансына өткөрүп берүү жумуштары кечиктирилүүдө.

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 45-беренесине ылайык 2025-жылдын 25-августундагы “Муниципалдык менчиктеги жер тилкени КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү” №125 токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө жаңы токтому кабыл алынган.

Жогорудагыларга жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 10-мартындагы №19 протоколун, Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын 2026-жылдын 05-мартындагы № 01-10/898 катын эске алып,  Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 19-августундагы  №13/50  “Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүнүн №117 дарегинде жайгашкан жер тилкесин жана имаратын алмашуу жолу менен муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө”  токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

 

  1. Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндөгү мурунку “Нур-КМ” АКнун аймагынан ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) 0,3 га жер участогун бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Бул токтомду аткарууда мыйзам чегинде тиешелүү документтерди даярдоо жагы шаардын мэри А. Бектуровго жүктөлсүн.

 

  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.

 

  1. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага:

 

А.Мурзаев