Редакцияот 18.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XXIII сессиясы

(VIII чакырылыш)

2026-жылдын 18-марты №23/99

 Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын ­­­ 09-октябрындагы  № 15/58 “Турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытында эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналдык коэффициенттерди (К3) жана нарктык зоналарды бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

 

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине негиз,  шаардык кенештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын  12-мартындагы №35 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын ­­­ 09-октябрындагы № 15/58 “Турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытында эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналдык коэффициенттерди (К3) жана нарктык зоналарды бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 3-подпунктуна толуктоо киргизилип, төмөнкүдөй окулсун: “ 3) Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйындын ставкасы-100 сом, төлөө жана эсептөөлөрдү тапшыруу мөөнөтү 1-апрелине чейин жана учурдагы жылдын 1-апрелинен кийин жаңы катталган субъектилер үчүн жыйымды төлөө жана эсептөөнү тапшыруу мөөнөттөрүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестрине киргизилген айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен тапшыруу”.

 

  1. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.

 

  1. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кенешинин  Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

 

А.Мурзаев