КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XXIII сессиясы
(VIII чакырылыш)
2026-жылдын 18-марты №23/100
Кызыл-Кыя шаарында спорттук мелдештердин байге ээлерине тарифтик сеткага ылайык акчалай сыйлыктарды тапшыруу жөнүндө
Жобо
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 27-февралындагы №34 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Кызыл-Кыя шаарында спорттук мелдештердин байге ээлерине тарифтик сеткага ылайык акчалай сыйлыктарды тапшыруу жөнүндө Жобо бекитилсин- тиркеме 1.
- Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
А.Мурзаев |
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
2026-жылдын 18-мартындагы
кезексиз 23-сессиясынын
№ 23/100 токтомуна
тиркеме-1
Кызыл-Кыя шаарында спорттук мелдештердин байге ээлерине тарифтик сеткага ылайык акчалай сыйлыктарды тапшыруу жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
Бул Жобо расмий спорттук мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга жана аларды даярдаган машыктыруучуларга тарифтик сетканы белгилөөнүн жана акчалай сыйлыктарды тапшыруу тартибин аныктайт. Жобо Кызыл-Кыя шаарынын спорт тармагына колдонулат.
2. Нормативдик-укуктук негиз
Бул Жобо төмөнкү ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан:
· «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
· Кызыл-Кыя шаардык мэриянын резервдик фондун жобосу.
Бул бөлүм каржылык көзөмөл жана аудит жүргүзүүдө негизги укуктук негиз болуп эсептелет.
3. Жобонун колдонулуу чөйрөсү
Жобо төмөнкү адамдарга карата колдонулат:
- расмий мелдештердин байге ээси болгон спортчуларга;
· байге ээлерин даярдаган машыктыруучуларга;
· штаттык кызматкерлерге жана кошумча иштеген адистерге;
· олимпиадалык жана олимпиадалык эмес улуттук оюндар.
4. Мелдештердин деңгээли
Спорттук мелдештер төмөнкү деңгээлдер боюнча классификацияланат:
Деңгээл | Мелдештин түрү |
I | Олимпиада оюндары |
II | Дүйнө чемпионаты |
III | Азия чемпионаты |
IV | Кыргыз Республикасынын чемпионаты |
V | Биринчиликтер, Кубоктор, Эл аралык турнирлер |
5. Байге ээлерине төлөмдөрдүн тарифтик сеткасы
5.1. Спортчулар үчүн
Мелдеш | 1-орун | 2-орун | 3-орун |
Олимпиада оюндары | 300 000 сом | 200 000 сом | 100 000 сом |
Дүйнө чемпионаты | 100 000 сом | 70 000 сом | 50 000 сом |
Азия чемпионаты | 100 000 сом | 70 000 сом | 50 000 сом |
Эл аралык турнирлер | 30 000 сом | 20 000 сом | 10 000 сом |
КР чемпионаты 30 000 сом 20 000 сом 10 000 сом
КР чемпионаты,
командалык оюндар 100 000 сом 80 000 сом 60 000 сом
5.2. Машыктыруучулар үчүн
Байгелүү орун | спортчунун төлөмүнөн пайыз |
1-орун | 30 % |
2-орун | 20 % |
3-орун | 10 % |
Эгер бир нече машыктыруучу катышкан болсо, төлөм алардын салымына жараша мекеменин буйругу менен бөлүштүрүлөт.
6. Төлөмдөрдүн шарттары жана тартиби
Акчалай сыйлык төмөнкү шарттар сакталганда төлөнөт:
· мелдеш расмий статусқа ээ болушу;
· мелдештинпротоколдору жана сыйлангандагы дипломдору;
· төлөм бекитилген бюджеттин чегинде жүргүзүлүшү;
- төлөө мөөнөтү-буйрук чыккан күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен.
7. Каржылоо булактары
Төлөмдөр төмөнкү булактардан жүргүзүлөт:
· жергиликтүү бюджет;
· демөөрчүлүк жардам (бар болгон учурда).
8. Жыйынтыктоочу жоболор
· Бул Жобо шаардык кеңештин токтому жана шаардык мэриянын буйругу менен бекитилет.
· Кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
· Өзгөртүүлөр жана толуктоолор тиешелүү буйрук менен киргизилет.