Редакцияот 17.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

    ТОКТОМ

                                                                                         

Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын

 ХV-сессиясынын

 

 

  2025-жылдын  17-декабрындагы №3

 

Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасына 1 даана HOWO ZZ5112ZYS07W (арткы жүктөө) үлгүсүндөгү атайын таштанды ташуучу автоунаасын Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фонду тарабынан ижара (лизинг) катары насыя жолу менен сатып алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-45-беренелерин аткарууга алып, 08.12.2025-жылкы чыгыш №10-4/3792 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II -чакырылышынын XV -сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.      1.Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасына 1 даана HOWO ZZ5112ZYS07W (арткы жүктөө) үлгүсүндөгү атайын таштанды ташуучу автоунаасын Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фонду тарабынан ижара катары насыя жолу менен сатып алууга макулдук берилсин.

2.     

3.    2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

4.     

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет,экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

                                       К.К.Анарбеков