Редакцияот 11.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

 ХХIX чакырылышынын  кезексиз  XXI сессиясы

 

2026-жылдын 11-марты  № 21/1

 

Дөбөлү айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 73-76-беренелерине ылайык, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын             төлөмдөрүн бекитүү максатында  Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңеши    токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 73-76-беренелерине              ылайык,  Дөбөлү айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы төмөндөгүдөй бекитилсин;

 

–     Жеке турак жайлар үчүн 1 жашоочуга -100 сом;

–     Ишкердик иши үчүн арналган объектер үчүн ар бир чарчы метрине -10  сом;

–     1 кызматкерге -50 сом.

2. Жыл сайын жыйымдарды 1-апрелге чейинки мөөнөттө тийиштүү      жергиликтүү бюджетке төлөнсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

Төрага

Б. Шералиев