Редакцияот 29.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Cамаркандек айылдык КенешининVII чакырылышынын  кезексиз XVI сессиясы

2026-жылы 29-апрели №113

                                              Макулдук берүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин негизинде жана “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 21.04.2026-ж. №01-13/769 сандуу бүтүмүнүн,    Самаркандек айылдык кеңешинин мыйзамуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана таламдарын коргоо, агрардык маселелер, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнчатуруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. «Миң-Өрүк-Самаркандек» стратегиялык маанидеги эл аралык  жолунун курулушуна байланыштуу Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы жалпы аянты 8,0 га жер, анын ичинен №443 контурундагы 2,06 га жайыт жер, №444 контурундагы 0,09 га жайыт жер, №447 контурундагы 4,41 га жайыт жер, №446 контурундагы 0,27 га башка жерлер (таштар), №448 контурундагы 0,09 га башка жерлер (таштар), №449 контурундагы 0,26 га башка жерлер (таштар), №558 контурундагы 0,82 га жайыт жер аянттары автомобиль жолун куруу учурунда жардыруудан чыккан шагыл-таштарды таштоочу жай (отвал) куруу максатында «Өнөр жай, транспорт, коргонуу, байланыш жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.  
  2. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы  Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Рахман у. Т.  милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин мыйзамуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана таламдарын коргоо, агрардык маселелер, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
  5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  6. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg  сайтында жарыялансын.

 

 

 

 

 

Төрага:

 

Гапаров Ш.Б.