Редакцияот 17.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

 ХХIX чакырылышынын  кезектүү XXII сессиясы

 

2026-жылдын  17-апрели  № 22/5

 

Коопсуз шаар камераларынан максаттуу трансферт катары түшкөн 13050 сом каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

 

         Коопсуз шаар камераларынан максаттуу трансферт катары түшкөн  13050 сом        каражатын  бөлүп берүү максатында Дөбөлү  айыл аймагынын  айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

1.Коопсуз шаар камераларынан максаттуу трансферт катары түшкөн 13050 сом            каражаты Дөбөлү айыл аймагынын территориясында турган коомдук коопсуздуктун    алдын алуу максатында коюлган видео көзөмөл камераларынын интернет колдонуу акысына жумшалсын.

 

2.Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн    социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы  А.Абдыкадыровго тапшырылсын.

 

3.Бул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү  айыл  аймагынын айыл  өкмөтүнүн  башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

Төрага

Б. Шералиев