Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 13-майы № 62
"Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 12, 1022-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) аффилирленген жак - башка жактын чечим кабыл алуусуна, анын ичинде түзүлгөн бүтүмдөн (келишимден), юридикалык жактын уставдык капиталында үлүшкө (акцияларга) ээ болуусунан, финансылык же башка милдеттенмелер менен байланышкан башка жеке же юридикалык жакка көз каранды же болбосо анын контролунда болуусунан, үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле багуусунда же болбосо толук камкордугунда болгон башка жактар менен жакын туугандыкта же куда-сөөк болуусунан улам түздөн-түз же кыйыр түрдө таасир эте алган жеке же юридикалык жак;";
2) 7-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (алардын бири ушул Мыйзамдын ишке ашырылышын координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча функцияларды жүзөгө ашырат);";
3) 12-берененин 4-бөлүгүндө, 19-берененин 2-бөлүгүндө, 21-берененин 8-пунктунда, 24-берененин 1-бөлүгүндө, 26-берененин 2-бөлүгүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 16-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды верификациялоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын персоналды башкаруу кызматы тарабынан жүзөгө ашырылат.";
5) 18-беренеде:
а) 8-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 9-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 20-берененин аталышында жана биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 22-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 7-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 28-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-берене. Ушул Мыйзам жайылтылуучу адамдардын жоопкерчилиги
1. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын анык эместиги аныкталган учурда ушул Мыйзам жайылтылуучу адамдар мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга жана эмгек мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик тартат.
2. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) кошпогондо, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчисинин анын түздөн-түз карамагында турган кызматчы кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу маселеси боюнча кайрылган учурда чара көрбөөсү аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин тартиптик жаза-чарага тартуу үчүн негиз болуп саналат.
3. Ушул Мыйзам жайылтылуучу адамдар тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү жана тыюуларды бузуу менен сатып алынган кирешелер жана мүлктүк жыргалчылыктар мамлекетке келтирилген зыян болуп эсептелет жана мамлекетке орду толтурулууга тийиш.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 9-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |