Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин   II  чакырылышынын

кезектеги  XII  сессиясы

 

2025-жылдын  9-сентябрындагы  № 8

 

“Базар-Коргон шаарына караштуу Беш-Бадам жана Жети-Кошкон айылдарынын башкы пландарын алымча кошумчасы менен кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын                          27-,45-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлигинин шаар куруу жана архитектура департаментинин 2025-жылдын 11-августундагы чыгыш № 01-4/3907 сандуу катына, Базар-Коргон шаарынын мэринин орун басары М.Ө.Мурзаевдин 11.08.2025-жылдын чыгыш №01-28/2243 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

            1. Базар-Коргон шаарына караштуу Беш-Бадам жана Жети-Кошкон айылдарынын башкы пландарын алымча-кошумчасы менен кабыл алууга макулдук берилсин.

              2.  Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

              3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

                 К.К.Анарбеков