Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин   II  чакырылышынын

кезектеги  XII  сессиясы

 

2025-жылдын  9-сентябрындагы  № 9

 

“Базар-Коргон шаарынын аймагындагы жеке менчик жер аянтарынын багытын өзгөртүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-беренеси, 18-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэринин орун басары М.Ө.Мурзаевдин каттарына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз                      XII-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

            1. Базар-Коргон шаарынын М.Сулайманов көчөсүндөгү 3-02-03-0009-0481 сыр белгиси менен катталган Алимжанова Адина Ибрайимжановнанын жеке менчик жана А.Ташматов көчөсүндөгү 3-02-03-0019-1101 сыр белгиси менен катталган Абдурауп кизи Махлиёнун жеке менчик турак жайларын элге кызмат көрсөтүү үчүн пайдалануу багытын коммерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.

              2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

              3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

                 К.К.Анарбеков