Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин   II  чакырылышынын

кезектеги  XII  сессиясы

 

2025-жылдын  9-сентябрындагы  № 10

 

“Базар-Коргон шаарынын тургуну Шералиева Умиданын арызын кароо жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 15-,19-беренелерин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-,34-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жетекчиси А.Юсупжановдун 23.07.2025-жылдын чыгыш                      №01-4/300 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык,                айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин                                         II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

            1. Базар-Коргон айыл өкмөтү шаар статусун алгандыгы үчүн, келечекте жолдор кеңейиши күтүлгөндүгүнө байланыштуу сатып алган менчик жер тилкесин өз каалосу менен муниципалдык менчикке өткөрүп берип аткандыгы үчүн Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу К.Култаев көчөсүндө жайгашкан жер аянтынан 100 чарчы метр жер тилкесин Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Малик уулу Кубанычтын сунушунун негизинде ижарага берүүгө макулдук берилсин.

              2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

              3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

                 К.К.Анарбеков