Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин   II  чакырылышынын

кезектеги  XII  сессиясы

 

2025-жылдын  9-сентябрындагы  № 11

 

“Базар-Коргон шаарына караштуу К.Култаев көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги 10984,0 чарчы метр жер аянтынан 900,0 чарчы метр жер тилкесин спорт комплекс куруу үчүн жана калган жер аянтын Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканаларга имарат жана унаа токтотуучу жай курууга макулдук берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын вице мэри Ө.М. Мурзаевдин                   16.05.2025-жылкы чыгыш №01-28/1254 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

            1.  Базар-Коргон шаарына караштуу К.Култаев көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги сериясы Б №048789, идентификациялык номери 3-02-03-0005-1250 сандуу сыр белгиси менен катталган 10984,0 чарчы метр жер аянтынан 900,0 чарчы метр жер тилкесин спорт комплекс куруу үчүн жана калган жер аянтын Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканаларга имарат жана унаа токтотуучу жай курууга макулдук берилсин.

              2.  Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

              3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

                 К.К.Анарбеков