Редакцияот 24.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

5-сессиясы

2025-жылдын 24-апрели №26/V-29

2025-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин ашыкча аткарылган киреше бөлүгүндөгү каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө

Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, ошондой эле Кант шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 22-апрелиндеги №03-1/1754 2025-жылдын биринчи кварталынын бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын жыйынтыгы боюнча 10 700,0 (он миллион жети жүз) миң сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү катын карап чыгып

 

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кант шаарынын мэриясы 2025-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин ашыкча аткарылган киреше бөлүгүнөн 10 700,0 (он миллион жети жүз) миң сом өлчөмүндөгү каражаттарды төмөнкү бөлүмдөр боюнча кайра бөлүштүрсүн:

 

-ТЖКЧ бөлүмү 3111-бер. 8700,0 (сегиз млн. жети жүз) миң сом өлчөмүндө;

- КОМ бөлүмү 2222-бер. 1000,0 (бир) млн. сом өлчөмүндө;

-МчББ  2222-бер.1000,0 (бир) млн. сом өлчөмүндө.

 

Жана төмөндөгү иштерге бөлүштүрүлсүн:

- 2000,0 (эки) миллион сом - идиш-аяк сатып алууга;

- 8700,0 (сегиз миллион жети жүз) миң сом - жолдорду жана тротуарларды курууга.

 

2. Бул токтомдун аткарылышы 2025-жылдын 1-декабрынан кечиктирилбей Кант шаардык кеңешине маалымат берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (М.К. Коджакматов) жүктөлсүн.

 

 

Кеңешинин-төрагасы

 

М.Бейшебаев