КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
5-сессиясы
2025-жылдын 24-апрели №29/V-29
Кант шаарынын мэриясынын Кант шаарындагы №5-орто мектебинин базасында «Тарыхты бирге сактайлы» тарыхый музей мекемесинин Жобосун бекитүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери жана спорт, коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, ошондой эле Кант шаарынын мэриясынын 18.04.2025-ж. №03-1/1686 Кант шаарынын мэриясынын №5-орто мектебинин базасында «Тарыхты бирге сактайлы» тарыхый музей мекемесинин Жобосун кароо жөнүндөгү катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясынын №5-орто мектебинин базасында «Тарыхты бирге сактайлы» тарыхый музей мекемесинин Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешининсоциалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери жана спорт, коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына (Сатарова Ж.Э.) жүктөлсүн.
Төрага |
| Бейшебаев М |
|
| Кант шаардык кеңешинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 29/V-29-токтомунун тиркемеси |
Кант шаарынын мэриясынын Кант шаарындагы №5-орто мектебинин базасында «Тарыхты бирге сактайлы» тарыхый музей мекемесинин
ЖОБОСУ
I. ЖАЛПЫ ЖОБО
1.2. Кант шаардык мэриясынын Кант шаарынын №5-жалпы билим берүү орто мектебинин «Тарыхты бирге сактайлы» мектеп тарых музейи (мындан ары: мекеме) 4433-эвакуациялык госпиталынын (мындан ары – 4433 - ЭГ) медицина кызматкерлеринин эрдигинин тарыхын, тыл эмгекчилеринин, Кант райондук поселкасынын (мындан ары-рп) жашоочуларынын, тынчтык, согуш мезгилиндеги жана согуштан кийинки мезгилдеги аскердик эрдиктерин түбөлүккө калтыруу максатында түзүлгөн коммерциялык эмес, илимий-изилдөө жана илимий-тарбиялык, материалдык жана руханий маданияттын негизги сактоочу мекемеси болуп эсептелет. Музей Кант шаарынын түзүлгөндүгүнүн башталышынан азыркы күнгө чейинки өнүгүүсүнүн тарыхый ырааттуулугун көрсөтүүгө арналган.
1.3. Мекеменин иштөө мөөнөтү – чектелген эмес.
1.4. Жайылтуу аймагы – жергиликтүү, Кант шаары, Ысык –Ата району, Чүй облусу
1.5. Музейдин дареги: Кыргыз Республикасы
Чүй облусу, Ысык- Ата району
Кант шаары, Л.Толстой көчөсү 82
1.6 Уюштуруу-укуктук формасы: мекеме
II. МУЗЕЙДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНҮН МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
- музейдин профилине ылайык илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү: 4433-эвакуациялык госпиталынын Кыргыз ССРинин аймагында түзүлгөн учурдан тартып Будапешт, Венгрияга чейинки түзүлүшү, жайгашуусу жана согуштук жолу
- Кант посёлогунун уюштуруучуларына, М.Фрунзе кант трестинин, БЧКнын, темир жолдун түзүлүшү жана курулушуна байланышкан тарыхый процесстерди изилдөө, алардын прогрессивдүү маанисин аныктоо, ошондой эле бул маселелер боюнча кадрлар менен камсыз кылуу жана каражаттарды изилдөө;
- тарыхый музейдин ишин мүнөздөгөн экспонаттарды, стационардык жана көчмө көргөзмөлөрдү түзүүгө илимий, агартуу жана идеологиялык иштерди жүргүзүүгө (Кант шаарын өнүктүрүүгө баа жеткис салым кошкон башкы врачтар, 4433-ЭГнын медициналык персоналдары, оорук эмгекчилери, Кант трестинин, темир жолдордун биринчи жетекчилери, ишканалардын кызматкерлери, мугалимдер жана башка адамдар) негиз болгон;
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы жана согуштан кийинки мезгилдеги Кант райондук паселогунун (р.п.) тарыхына байланыштуу таанымдарды жайылтуу, жаштарды баатырдык өткөн тарыхка, мекендештердин даңктуу аскердик жана эмгек салттарын таанытууга тарбиялоо.
III. МУЗЕЙДИН УКУКТУК АБАЛЫ
Тарых музейи өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (1999-жылдын 26-июлундагы № 91) жана ушул Жобого ылайык Кант шаарынын мэриясынын, шаардык кеңешинин көзөмөлүндө жүргүзөт.
Тарых музейинин негиздөөчүсү Кант шаарынын мэриясы. Музей анын балансында турат жана өзүнүн укуктарынын жана милдеттеринин чегинде юридикалык жак катары аракеттенет. Мектептин тарыхый музейинин мүлкү ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунун негизинде бекитилип берилет. Тарых музейи өз милдеттенмелери боюнча карамагындагы каражат менен жооп берет. Алар жетишсиз болгон учурда мектептин тарыхый музейинин милдеттенмелери боюнча субсидиардык жоопкерчиликти анын ээси тартат.
IV. ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН КАРЖЫЛЫК НЕГИЗИ
Мектептин музейи мүлктү ушул жободо көрсөтүлгөн максаттарда пайдаланат.
Мектептин музейинин мүлкү төмөнкүлөрдөн турат:
- мүлктүк салымдар жана кайрымдуулук (уюштуруучу, жеке адамдар, демөөрчүлөр, диний жана башка уюмдар);
- ресурстарды тартуу боюнча иш-чаралардан түшкөн каражаттар (маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруу, кайрымдуулук каражаттарды чогултуу боюнча акцияларды өткөрүү, лекцияларды, көчмө жана стационардык көргөзмөлөрдү, лотереяларды, марафондорду жана башка иш-чараларды өткөрүү);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөр;
- ыктыярдуу салым катары музей материалдык, интеллектуалдык жардам ж.б. түрүндөгү каалаган мүлктү кабыл ала алат;
- музейдин өндүрүштүк-чарбалык ишинен түшкөн кирешелер ушул жободо көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн гана пайдаланылат.
V. МЕКТЕП ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ
Жогорку орган –негиздөөчү (Кант шаарынын мэриясы)
Байкоочу кеңеш- музейдин кеңеши;
Аткаруучу орган – жетекчи
5.1 Мектептин тарых музейинин жогорку башкаруу органы Негиздөөчү болуп саналат. Негиздөөчүнүн негизги функциясы тарых музейи түзүлгөн максаттарга жооп беришин камсыз кылуу болуп саналат.
Негиздөөчүнүн компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
- жобону жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү бекитүү;
- музейдин ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жана бошотуу;
- музейдин жетекчисин кызматка дайындоо жана бошотуу;
- жылдык отчетту бекитүү жана мектептин тарых музейинин финансылык-чарбалык ишине контролдук кылуу;
5.2. Байкоочу орган болуп курамы 11 адамдан турган музейдин Байкоочу кеңеши саналат, уюштуруучу тарабынан 2 жылдык мөөнөткө дайындалат. Жыйын зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт;
5.3. музейдин Байкоочу кеңешинин компетенциясына төмөндөгү маселелерди чечүү кирет:
- мектептин тарых музейи тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы;
- тарыхый музей тарабынан ал түзүлгөн максаттарга ылайык келүүсү;
- музей тарабынан өткөрүлүүчү бардык иш-чараларга катышуу;
- музейдин жылдык иш планын түзүү жана Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын бекитүүсүнө берүү;
- музейдин иши боюнча тексттерди жана отчетторду даярдоого катышуу; - "Музей таануу" адистиги боюнча акыркы адабияттарды үйрөнүүдө кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
5.4 Байкоочу кеңештин дайындалган мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн катышуусу кворум болуп саналат. Чечимдер көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
5.5. Мектептин тарых музейинин Байкоочу кеңешинин курамы Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыгынын чечими менен шайланышы жана кайра чакыртылышы мүмкүн.
5.6. Аткаруу органы башкаруучу болуп саналат
5.7. Жетекчинин компетенциясына музейдин башка органдарынын компетенциясына тиешелүү маселелерди кошпогондо, музейдин учурдагы ишин башкарууга байланышкан бардык маселелер кирет.
VI. ИШТИН МАЗМУНУ ЖАНА ФОРМАЛАРЫ
Кант шаарындагы №5-орто мектебинин мектеп тарых музейи өзүнүн профилине жана милдеттерине ылайык «Тарыхты бирге сактайлы» аттуу иш-чарада төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
6.1. Илимий-изилдөө иштеринин тармагында:
а) 4433-эвакуациялык госпиталынын кызматкерлеринин, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, тылдын эмгекчилеринин, Фрунзе кант заводунун, БЧКнын, Кант темир жолунун, Баатыр энелердин согуштук жана өмүр жолун комплекстүү изилдөө;
б) музейди, анын ичинде негизги коллекциянын имаратын, курулуштарын, аймагын жана башка материалдарын изилдейт жана сыпаттайт;
в) коллекцияларды илимий жактан алууну жүзөгө ашырат;
г) мамлекеттик архивдердеги, мекеме архивдериндеги, китепканалардагы жана башка музейлердин коллекцияларындагы тиешелүү материалдарды аныктайт жана изилдейт;
г) мектептин тарых музейинин илимий-изилдөө иштери тематикалык-көргөзмө пландары, илимий экспедициялык отчеттор, каталогдор, гиддер, тарых музейинин илимий сыпаттамалары жана коллекциялык буюмдар түрүндө берилиши мүмкүн.
6.2. Илимий көргөзмө иштери боюнча:
6.2.1. Тарых музейинин экспозициясы музейдик материалдардын илимий басылышынын формаларынын бири болуу менен музей таануунун методологиялык принциптеринин негизинде жана ага ылайык түзүлөт.
6.2.2. Кант шаарындагы №5-орто мектептин «Тарыхты бирге сактайлы» мектеп тарыхый музейи туруктуу экспозициядан тышкары фонддун материалдарынан стационардык жана көчмө көргөзмөлөрдү уюштуруп келет.
6.2.3. Кант шаарындагы №5-орто мектептин «Тарыхты бирге сактайлы» мектеп тарых музейинин экспозициясы перспективдүү пландардын, тематикалык экспозициялык пландардын жана көркөм жасалгалоо долбоорунун негизинде түзүлгөн
6.3. Массалык илимий жана билим берүү ишмердүүлүк чөйрөсүндө:
6.3.1. Кант шаарындагы №5-орто мектептин «Тарыхты бирге сактайлы» мектеп тарых музейи өзүнүн экспонаттарынын, көргөзмөлөрүнүн жана коллекцияларынын негизинде музейдин кесиптик багыты боюнча аныкталган массалык илимий-агартуу иштерин жүргүзүп келет.
6.3.2. Кант шаарындагы №5-орто мектептин «Тарыхты бирге сактайлы» мектеп тарых музейинин илимий-агартуу иштеринин негизги формалары:
А) экспонаттарга, көргөзмөлөргө жана фонддорго, ошондой эле музейден тышкары «Тарыхты бирге сактайлы» тарыхый музей менен байланышкан эсте каларлык жерлерге экскурсиялар;
В) экспонаттарда, сактоочу жайлары бар көргөзмө залдарында консультациялар;
В) лекциялар жана талкуулар;
D) экспонаттар, көргөзмөлөр жана музей фонддорунун негизинде клубдук иш;
Г) Музейде өтүүчү мектеп сабактар.
Бул формаларды пайдалануу менен музей өзүнүн кесиптик багытына ылайык төмөнкүлөрдү уюштурат:
- келген коноктордун маданият ишмерлери, артисттер, актёрлор, аткаруучулар, жазуучулар, ошондой эле фронттогу жоокерлердин балдары, неберелери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ишкер аялдар, Кыргызстан эл ассамблеясынын диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуулары;
- тематикалык жолугушуулар, юбилейлерге жана эсте каларлык күнөргө арналган көчмө көргөзмөлөр ж.б.;
- келүүчүлөрдүн бир тектүү топтору үчүн (мектеп окуучулары ж.б.) адистештирилген кызматтардын күндөрү.
Массалык илимий-агартуу иштеринин жогорку сапатын камсыз кылуу үчүн музей экскурсиялык иштердин методологиясы жана технологиясы маселелерин иштеп чыгат, кабылдоого байкоо жүргүзөт ж.б.
6.3.3. Музей көрүүчүлөрдү тейлөөнү аларга ыңгайлуу убакта, бирок №5-орто мектептин Уставын бузбастан уюштурат. Музейдин экспозициясы эреже катары жалпы дем алыш жана майрам күндөрүндө, ошондой эле кечки сааттарда ачык болууга тийиш.
6.3.4. Музейде көрүүчүлөрдүн курамын, алардын таламдарын жана суроо-талаптарын уйренүү үчүн меймандар китепчеси, киргендерди каттаган журналдары жана массалык илимий-агартуу иштеринин башка формаларынын жазуулары бар.
Кант шаарындагы №5-орто мектебинин «Тарыхты бирге сактайлы» мектеп тарых музейи өзүнүн ишмердүүлүгүн жайылтуу максатында музейдин мазмуну жана иш сааттары тууралуу кулактандырууларды, лекциялардын тематикасын, ар кандай иш-чараларга чакырууларды, китепчелерди таркатып, массалык маалымат каражаттарына чыгып турат.
6.4. Илимий жана окуу-тарбия иштери боюнча:
Бардык накта эстеликтер, анын ичинде кол жазма архивдер Кант шаарындагы №5-орто мектептин «Тарыхты бирге сактайлы» мектеп тарых музейинде жайгашкан, анын коллекциясын түзөт жана Кыргыз Республикасынын музейдик фондуна киргизилген;
Негизги коллекциядан тышкары, музейде илимий көмөкчү коллекциялар бар, алар репродукциялардан, фотокөчүрмөлөрдөн, муляждардан, макеттерден жана башка чыныгы эмес экспонаттардан түзүлгөн.
Музей Кант шаарындагы №5-орто мектептин «Тарыхты бирге сактайлы» аттуу мектеп тарых музейинин музейдик коллекцияларынын сакталышын камсыздап, аларды кеңири колдонууга шарт түзөт.
Бул максаттар үчүн ал төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- музейдин каражаттарынын так эсебин жүргүзүү;
- музейдик баалуулуктардын сөзсүз сакталышын камсыз кылган колдонуудагы эрежелерди так сактоо менен, мүлктү, ар кандай материалдарды сактоо шарттарын эске алуу менен каражаттарды атайын жабдылган жайларга жайгаштыруу;
- Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон Кант шаарынын тургундарына эстеликтердин, мемориалдын, комплекстин сакталышын камсыз кылуу боюнча профилактикалык иш-чараларды;
- коллекциялар менен таанышууга көмөктөшүүчү жана аларды илимий жүгүртүүгө киргизүүгө көмөктөшүүчү иш-чаралар - коллекцияларды ачык сактоо, коллекциялык материалдар боюнча консультацияларды жана атайын сабактарды өткөрүү, маалымдама картотекаларын түзүү, каталогдорду түзүү ж.б.
6.5 Басма ишинин чөйрөсүндө:
Музей музейдин ишмердүүлүгүнүн бардык аспектилерин чагылдырган эмгектерди жана популярдуу адабияттарды, анын ичинде Кант шаарына жол көрсөткүчтөрдү басып чыгарууга даярдайт.
VII. ИЛИМИЙ КИТЕПКАНА
Мектептин музейинин илимий китепканасында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тыл эмгекчилери, Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлери жөнүндө адабияттар топтолгон, Кант шаарынын тургундары, Кант районунун тургундары, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана системалаштыруу иштери улантылып, «Жеңиштин мураскерлери» китебинин дизайнын түзүү иштери улантылууда. Китепкана музейдин профилине ылайык илимий-методикалык жана илимий-популярдуу басылмалар менен системалуу түрдө толукталып турат.
VIII. ИЛИМИЙ АРХИВ
Кант шаарындагы №5-орто мектептин «Тарыхты бирге сактайлы» мектеп тарых музейинин иш-чарасынын жүрүшүндө илимий архив түзүлүүдө.
Ал төмөнкүлөрдү камтыйт: иш планы жана музейдин иши жөнүндө отчеттор, протоколдор, методикалык кеңештин жыйналыштары, илимий эмгектердин кол жазмалары,
- илимий миссиялар жана тематикалык-экспозициялык пландар жана көргөзмөлөр жөнүндө отчеттор;
- көргөзмөлөрдү долбоорлоо үчүн көмөкчү материалдарды, долбоорлорду жана эскиздерди иштеп чыгуу;
- экскурсияларды, тезистерди жана лекциялардын темаларын, толтурулган коноктор китептерин методикалык иштеп чыгуу;
- музей ишинин ар кандай түрлөрүнө тиешелүү эскиздер, фотосүрөттөр;
- изилденген темалар жана көйгөйлөр боюнча пайдаланылган адабияттардын тизмеси, ошондой эле музейдин тарыхына жана калыбына келтирүүгө тиешелүү документтер жана башкалар.
Илимий архивде илимий-методикалык кызыкчылыктарды чагылдырган иш процессинде топтолгон материалдар сакталышы мүмкүн.
IX. КООМДУК АКТИВДЕР
Кант шаарындагы №5-орто мектептин «Тарыхты бирге сактайлы» мектеп тарых музейи өзүнүн ишинде кеңири коомдук активге жана камкордук кеңешине таянат.
Музей мекемелер, ишканалар, коомдук уюмдар жана жеке адамдар, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдар менен туруктуу ишкердик байланыштарды түзүп, аларды мектеп музейинин ишине катышууга тартуу жана зарыл болгон учурда кеңештерди, усулдук көрсөтмөлөрдү жана башка жардамдарды көрсөтөт.
X. «ТАРЫХТЫ БИРГЕ САКТАЙЛЫ” МЕКТЕП ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ИШИНИН ТОКТОТУЛУШУ
Мектептин тарых музейи жоюлушу мүмкүн:
1. Негиздөөчүнүн чечими же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечими боюнча;
2. Кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат;
3. Кант шаарындагы №5-орто мектебинин «Тарыхты бирге сактайлы» мектеп тарых музейинин ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө келип чыккан документтер «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат;
4. Жоюу аяктады деп табылып, Кант шаарындагы №5-орто мектептин «Тарыхты бирге сактайлы» мектеп тарых музейи мамлекеттик реестрден чыгарылгандан тартып ишин токтотот.