Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 26-февралы № 90
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин алдын ала кароо максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясынын 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Байсалов Эдил Жолдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасы; |
Мамасадыков Рустам Алайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Шукурбеков Улугбек Абдималикович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы; |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Баатырова Гүлнара Маришовна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; |
Абдиев Нурбек Такабаевич | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Имангазиев Алмаз Кулубекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Дарманкул уулу Бакыт | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары; |
Досалиев Эрнес Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары; |
Бараканова Салтанат Нурудиновна | - | "№ 47 кесиптик лицей" мекемесинин директору. |
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 23-майындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 23-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 23-майындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |