Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 13-майы № 63
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө", "Тынчтык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 456-берененин биринчи абзацында "83, 831-беренелери" деген сөздөр "82-831-беренелери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 492-берененин биринчи абзацында "107" деген цифралар "82, 107" деген цифраларга алмаштырылсын;
3) 511-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бул маалыматтар кагаз түрүндө же электрондук формада түзүлгөн укук бузуу жөнүндө протокол, ошондой эле кагаз түрүндөгү же электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формадагы токтом, актылар, укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адамдын, жабыр тартуучунун, күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрү, адистин түшүндүрмөлөрү, экспертизанын корутундусу, башка документтер, буюм далилдери менен аныкталат.".
2-берене.
"Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 11-майы, № 60) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
13-берененин 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "г" пунктчасы менен толукталсын:
"г) укук бузуулардын алдын алууга катышууга, укуктук агартуу жана укуктук маалымдоо формасында алдын алуучулук таасир этүүнү жүзөгө ашырууга, ошондой эле укук бузуулар жөнүндө протоколдорду кароого жана түзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына андан ары берүү үчүн тынчтыкты камсыз кылуу менен байланышкан талаптарды бузуу фактысын же окуясын ырастоочу акт түзүүгө;".
3-берене.
"Тынчтык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 10-декабры, № 95) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- 31-декабрда саат 22:00дөн тартып 1-январдагы саат 3:00гө чейин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик майрам күндөрү саат 22:00дөн тартып саат 3:00гө чейин.";
2) 3-беренеде:
а) 1-бөлүктүн алтынчы абзацы "алып келген" деген сөздөрдөн кийин "куруу," деген сөз менен толукталсын;
б) 2-бөлүктүн үчүнчү абзацында "жана майрам" деген сөздөр алып салынсын;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 31-берене менен толукталсын:
"31-берене. Тынчтыкты бузуулардын алдын алуу
1. Тынчтыкты бузуулардын алдын алуу Кыргыз Республикасынын тынчтыкты камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Тынчтыкты бузуулардын алдын алууга катышуучу жактар болуп ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн объекттердин жана (же) жайлардын менчик ээлери (жалдоочулар), тизмеги Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдары менен аныкталуучу көп батирлүү үйлөрдү башкарууну жүзөгө ашыруучу адамдар, ошондой эле кварталдык комитеттер саналат.
3. Тынчтыкты бузуулардын алдын алууга катышуучу адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
- жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу максатында укуктук агартуу жана укуктук маалымдоо формасында алдын алуучулук таасир этүүнү жүзөгө ашырууга;
- турак жай курулушунун корголуучу аймактарында тынчтыкты бузуу жөнүндө акт түзүү жолу менен тынчтыкты бузган жактарды Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке тартууга катышууга. Тынчтыкты бузуу фактысын же окуясын ырастоочу акт фото жана (же) видео жазууну тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде аныкталган тартипте укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү үчүн ыйгарым укуктуу органга берилет.
Тынчтыкты бузуулардын алдын алууга катышуучу адамдардын өз ара аракеттенүү тартиби, ошондой эле актынын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 15-майындагы № 35 (3795) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 8-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |