Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 14-майындагы
№ 334-т тескемесине)
2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасын
ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы
№
| Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөт-төрү | Күтүлүүчү натыйжалар/ индикаторлор | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1-глава. Институционалдык камсыздоо | ||||||
1.1 | 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү
| ЭСКММ буйругу менен ведомстволор аралык жумушчу топтун курамын бекитүү | 2026-жыл
| Ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү жөнүндө ЭСКММ буйругу кабыл алынды | ЭСКММ, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, макулдашуу боюнча: кызыкдар тараптар, коммерциялык банктар, ЭУ, КЭУ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен |
1.2 | Ведомстволор аралык топтун жыйналыштарын уюштуруу | 2026–2030-жылдар
| Ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйналыштары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат | ЭСКММ, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен | |
1.3 | Кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талдоо жана инвентаризациялоо | Кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо боюнча ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо (зарылдыгына жараша)
| 2026–2027-жылдар | Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча сунуштар иштелип чыкты | ЭСКММ, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен |
1.4 | Тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана бекитүү (зарылдыгына жараша) | 2026–2028-жылдар | Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыкты | ЭСКММ, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде | |
2-глава. Кайтып келген мигранттарды экономикалык колдоо | ||||||
2.1 | Кайтып келген мигранттарды колдоо механизмдерин түзүү жана өнүктүрүү | Кайтып келген мигранттардын социалдык-экономикалык муктаждыктарын талдоонун негизинде аларды колдоо механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү | 2026–2028-жылдар | Кайтып келген мигранттарды колдоонун натыйжалуу механизмин түзүү боюнча сунуштамалар жана сунуштар даярдалды | ЭКМ, ЭСКММ, КРП облустардагы ЫУӨ, макулдашуу боюнча: кызыкдар тараптар, коммерциялык банктар, ЭУ, КЭУ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен |
2.2 | Кайтып келген мигранттарга финансылык колдоо көрсөтүү механизмдерин ишке ашыруу, бизнес ачуу жана өлкөнүн экономикасына интеграциялоо үчүн жеңилдетилген шарттарда микрокредиттерди жана гранттарды берүү | 2027–2029-жылдар | Кайтып келген мигранттар өзүнүн бизнесин түзүү үчүн финансылык колдоо алды | ЭКМ, ЭСКММ, САЧКӨМ, макулдашуу боюнча: коммерциялык банктар, ЭУ, КЭУ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен | |
2.3 | Мигранттарды айыл чарба кооперативдерине жана региондорду өнүктүрүү программаларына интеграциялоого көмөк көрсөтүү
| Кайтып келген мигранттарды айыл чарба кооперативдерине киргизүү үчүн шарттарды түзүү | 2026–2030-жылдар | Кайтып келген мигранттар айыл чарба кооперативдерине кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту | САЧКӨМ, ЭСКММ, КРП облустардагы ЫУӨ, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, макулдашуу боюнча: бизнес-комчулук, ЭУ, КЭУ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен |
2.4 | Мигранттарды жана диаспораларды тартуу менен айыл чарбасын өнүктүрүүнүн региондук программаларын иштеп чыгуу | 2026–2030-жылдар | Кайтып келген мигранттар республиканын региондорунда айыл чарбасын өнүктүрүүгө тартылды | САЧКӨМ, ЭСКММ, КРП облустардагы ЫУӨ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен | |
2.5 | Кайтып келген мигранттардын жер ресурстарына жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү
| 2026–2030-жылдар | Айыл чарба ишин жүргүзүү үчүн мигранттарды жер тилкелерин ижаралоого же сатып алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу программалар киргизилди | САЧКӨМ, ЭСКММ, КРП облустардагы ЫУӨ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен | |
3-глава. Социалдык жана психологиялык адаптация | ||||||
3.1 | Кайтып келген мигранттарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө психологиялык жардам жана колдоо көрсөтүүнү уюштуруу | Кайтып келген мигранттарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө психологиялык колдоо көрсөтүү тармагын түзүү | 2026–2028-жылдар | Психологиялык колдоо программасы иштелип чыкты | ССМ, ИЖБИМ, Агартуумин, ЭСКММ, макулдашуу боюнча: ЭУ, КЭУ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен |
3.2 | Кайтып келген мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн психологдорду жана колдоо топторун даярдоо | 2026–2028-жылдар | Миграциядан кийинки стресс, травма жана адаптация маселелери боюнча психологдорду жана социалдык кызматкерлерди даярдоо үчүн адистештирилген курстар жана тренингдер өткөрүлдү, ошондой эле профилдик адистердин катышуусу менен мигранттардын үй-бүлөлөрү үчүн өз ара колдоо топтору түзүлдү жана иштеп жатат | ССМ, ИЖБИМ, Агартуумин, ЭСКММ, макулдашуу боюнча: ЭУ, КЭУ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен | |
3.3 | Мигранттардын мамлекеттик программалар жана коомдук уюмдар аркылуу медициналык кызмат көрсөтүүлөргө, билим берүү жана башка социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | Тиешелүү мамлекеттик органдар менен кызматташуу аркылуу мигранттарды медициналык тейлөөнү, билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн жана социалдык жеңилдиктерди камтыган социалдык камсыздоонун комплекстүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2026–2030-жылдар | Тиешелүү мамлекеттик органдар менен кызматташуу аркылуу медициналык тейлөөнү, билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн жана социалдык жеңилдиктерди камтыган мигранттарды социалдык камсыздоонун комплекстүү программалары ишке киргизилди | ССМ, ММКФ, Агартуумин, ИЖБИМ, ЭСКММ, макулдашуу боюнча: ЭУ, КЭУ
| Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен |
3.4 | Мигранттарды жергиликтүү жамааттарга интеграциялоо деңгээлин жогорулатууга багытталган социалдык адаптациялоо программаларын киргизүү | Психологиялык колдоо боюнча программаны ишке ашыруу | 2026–2030-жылдар | Социалдык адаптациялоо программаларынан өткөн мигранттардын саны көбөйдү
| ЭСКММ, Агартуумин, ССМ, макулдашуу боюнча: ЭУ, ӨЭУ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен |
4-глава. Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу | ||||||
4.1 | Ички эмгек рыногунун керектөөлөрүн жана талап кылынган кесиптерди эске алуу менен кесиптик кайра даярдоо программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү | Эмгек рыногуна талдоо жүргүзүү жана талап кылынган көндүмдөрдү аныктоо | 2026–2030-жылдар | Талдоо жүргүзүлдү жана талап кылынган кесиптер жана көндүмдөр аныкталды, ошондой эле ички эмгек рыногунда эң көп талап кылынган кесиптердин тизмеги даярдалды | ИЖБИМ, ЭСКММ, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, макулдашуу боюнча: ЭУ, ӨЭУ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен |
4.2 | Мигранттарга жумушка орношуу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү тез үйрөнүүгө мүмкүндүк берүүчү кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү кесиптик кайра даярдоо программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2026–2030-жылдар | Кайтып келген мигранттар жеке муктаждыктарына жана эмгек рыногунун талаптарына ылайык кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү кесиптик кайра даярдоо программаларынан өтүштү | ИЖБИМ, ЭСКММ, макулдашуу боюнча: ЭУ, ӨЭУ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен | |
4.3 | Өнөр жай ишканалары жана жумуш берүүчүлөр менен өнөктөштүктү бекемдөө
| 2026–2029-жылдар | Квалификациясына ылайык жумушка орношууга мүмкүнчүлүк берилген мигранттардын саны көбөйдү | ЭСКММ, ЭКМ, макулдашуу боюнча: бизнес-ассоциациялар, ЭУ, ӨЭУ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен | |
4.4 | Чет өлкөлөрдөн алган көндүмдөрүнө жана квалификация-ларына адаптацияланган жумуш орундарын түзүү максатында мигранттар үчүн эмгек рыногун өнүктүрүү | Квалификациялуу жумушчу күчкө болгон муктаждыктарды жана кайтып келген мигранттарды ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо үчүн бизнес-сектор менен тегерек столдорду жана конференцияларды өткөрүү | 2026–2029-жылдар | Бизнес-сектор кайтып келген мигранттарды тартууга жана алардын ишке орношуусу үчүн шарттарды түзүүгө тартылган | ЭСКММ, ИЖБИМ, макулдашуу боюнча: бизнес-ассоциациялар ЭУ, КЭУ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен |
4.5 | Кайтып келген мигранттарга маалымат берүү үчүн https://jumush.gov.kg маалыматтык порталын өркүндөтүү | 2026–2027-жылдар | Иш издөө мүмкүнчүлүгү берилген https://jumush.gov.kg порталынын колдонуучуларынын саны көбөйдү | ЭСКММ, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, макулдашуу боюнча: ЭУ, КЭУ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен | |
4.6 | Мигранттардын ишкердик иштин негиздерин жана бизнести башкарууну окутуудагы муктаждыктарына баа берүү, анын ичинде өнүгүүнүн актуалдуу багыттарын аныктоо үчүн потенциалдуу ишкерлер менен сурамжылоолорду жана жолугушууларды өткөрүү | Өз ишин ачууну каалаган мигранттар үчүн ишкердик, бизнести башкаруу, финансылык сабаттуулук боюнча тренингдерди жана курстарды уюштуруу | 2026–2028-жылдар | Бекитилген планга жана катышуучулардын санын эске алуу менен максаттуу аудиториянын катышуусу менен иш-чаралардын өткөрүлүшү камсыз кылынды | ЭСКММ, ЭКМ, УБ, макулдашуу боюнча: ЭУ, КЭУ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен |
4.7 | Мигранттар үчүн ишкердик, бизнести башкаруу жана финансылык сабаттуулук боюнча жеткиликтүү билим берүү платформаларын түзүү (онлайн жана оффлайн) | 2026–2029-жылдар | Алыскы аймактарда жашаган мигранттар үчүн ийкемдүү окуу графиги менен аралыктан окутуу курстары жана тренингдер иштелип чыкты жана ишке киргизилди, ошондой эле жумуш менен камсыз кылуунун жана миграциянын региондук борборлорунда жергиликтүү бизнес-мектептер жана университеттер менен биргелешип күндүзгү окутуу программалары уюштурулду | ИЖБИМ, ЭСКММ, УБ, макулдашуу боюнча: ЭУ, КЭУ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен | |
4.8 | Мигранттарды эмгек рыногуна тез адаптациялоо максатында чет өлкөдө алынган квалификацияларды жана көндүмдөрдү таануу системасын түзүү жана өнүктүрүү | Чет өлкөдө алынган дипломдорду жана квалификацияларды таануу процессин жөнөкөйлөштүрүү | 2027–2029-жылдар | Мигранттардын ишке орношуусуна көмөктөшүү үчүн чет өлкөдө алынган дипломдорду жана кесиптик квалификацияны жөнөкөйлөштүрүлгөн таануу механизмдери ишке киргизилди | ИЖБИМ, КСВБ, ЭСКММ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен |
4.9 | Кайтып келген мигранттардын чет өлкөдө алынган дипломдорун, көндүмдөрүн жана тажрыйбасын таануу жол-жоболоруна жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу | Кайтып келген мигранттарды көндүмдөрдү сертификациялоо жана валидациялоо системасына кошуу | 2026–2029-жылдар | Көндүмдөрдү сертификациялоо жана валидациялоо системасына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу механизми ишке киргизилди | ИЖБИМ, КСВБ, ЭСКММ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен |
5-глава. Маалыматтык колдоо | ||||||
5.1 | Мигранттар үчүн укуктар, мамлекеттик жана коомдук колдоо программалары, бош орундар жана ишкердик ишти жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылган бирдиктүү маалыматтык порталды өнүктүрүү
| Кыргыз Республикасынын аймагындагы реинтеграция, колдоо программалары, бош орундар жана ишкердик ишти жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалыматтарды камтыган колдонуудагы https://migrant.kg маалыматтык порталын модернизациялоо | 2026–2027-жылдар | https://migrant.kg маалыматтык порталы иш издөөчүлөр үчүн да, кайтып келген мигранттар үчүн да комплекстүү маалыматты камтыйт | ЭСКММ, макулдашуу боюнча: ЭУ, КЭУ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен |
5.2 | Чет өлкөдө ишке орношууну пландаган жарандар үчүн сапарга чыгуу программаларына реинтеграциялоо маселелерин киргизүү | Реинтеграциялоо маселелерин учурдагы сапарга чыгуу программаларына киргизүү | 2026–2028-жылдар | Кайтып келгенден кийин мигранттарды жергиликтүү коомчулукка адаптациялоого жана интеграциялоого, финансылык сабаттуулукту жогорулатууга, ошондой эле чет өлкөдө алган көндүмдөрүн туура пайдаланууга жана таанууга тиешелүү маселелер сапарга чыгуу сессияларына киргизилди | ЭСКММ, макулдашуу боюнча: ЭУ, КЭУ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен |
5.3 | Мекенине кайтып келүүгө даярдык көрүү жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө мигранттарга маалымдоо үчүн социалдык тармактар, ЖМК жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү консулдуктары аркылуу маалыматтык өнөктүктөрдү уюштуруу
| Кайтып келүүгө даярдык көрүү, жеткиликтүү социалдык кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле мекенинде ишке орношуу жана ишкердик ишти жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү маселелерин камтыган макалаларды, видеороликтерди, инфографикаларды жана буклеттерди кошкондо, маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу жана түзүү | 2026–2030-жылдар | Даярдалган материалдар коопсуз миграция, мекенине кайтып келүү процесстери, ошондой эле реинтеграциялоо үчүн мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маселелер тууралуу актуалдуу маалыматты камтыйт
| ЭСКММ, макулдашуу боюнча: ЖМК, ЭУ, КЭУ
| Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен |
5.4 | Иштелип чыккан маалыматтык материалдарды Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында жайылтуу | 2026–2030-жылдар | Жайылтылган маалыматтык материалдардын саны көбөйдү | ЭСКММ, ТИМ, макулдашуу боюнча: ЖМК, ЭУ, КЭУ
| Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен | |
6-глава. Эл аралык уюмдар жана өнөктөштөр менен кызматташуу | ||||||
6.1 | Кошумча каржылоону тартуу жана тажрыйба алмашуу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөө | Эл аралык өнөктөштөр менен биргелешкен долбоорлорду демилгелөө жана иштеп чыгуу, анын ичинде эл аралык программалардын алкагында каржылоого өтүнмөлөрдү даярдоо жана берүү | 2026–2030-жылдар | Кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде мигранттарды ишке орноштуруу, социалдык камсыздоо жана реинтеграциялоо программалары аныкталды, ошондой эле тиешелүү долбоорлор иштелип чыкты | ЭСКММ, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, макулдашуу боюнча: ЭУ, КЭУ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен |
6.2 | Эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжаларын үзгүлтүксүз баалоо, анын ичинде тартылган ресурстардын натыйжалуулугун талдоо жана тажрыйба алмашуу | 2026–2030-жылдар | Өз ара аракеттенүүнү мындан ары өркүндөтүү үчүн отчеттуулук жана өнөктөштөр менен натыйжаларды алмашуу системасы орнотулду | ЭСКММ, макулдашуу боюнча: ЭУ, КЭУ | Мамлекеттик органдардын бюджетинин чегинде жана тартылган каражаттар-дын эсебинен | |
Кыскартуулардын тизмеси
ЭСКММ | – | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ЭКМ | – | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ССМ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ТИМ | – | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ИЖБИМ | – | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
Агартуумин | – | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги |
САЧКӨМ | – | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
УБ | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
КРП облустардагы ЫУӨ | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ММКФ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
КСВБ | – | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору» мекемеси |
ЖМК | – | жалпыга маалымдоо каражаттары |
ЭУ | – | эл аралык уюмдар |
КЭУ | – | коммерциялык эмес уюмдар |
|
|
|