Загрузка документа…
1-тиркеме
2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасы (мындан ары – Программа) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграциялык саясатынын стратегиялык милдеттерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Бул документтин алкагында кайтып келген мигранттар деп чет өлкөдө эмгектенгенден кийин мекенине кайтып келген Кыргыз Республикасынын жарандары түшүнүлөт.
2. Бул Программа төмөнкү негизги документтерге негизделет: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 191 «2021–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому, Кыргыз Республикасы 2024-жылдын 27-августунда кошулган Коопсуз, тартипке салынган жана легалдуу миграция жөнүндө глобалдык келишимдин алкагындагы Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери.
3. Бул Программа эмгек миграциясынан кайтып келген Кыргыз Республикасынын жарандарын туруктуу социалдык жана экономикалык реинтеграциялоо үчүн шарттарды түзүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты калыптандырууга багытталган.
2-глава. Абалды жалпы талдоо
4. Миграция акыркы жыйырма жылда Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык саясаттын маанилүү бир бөлүгү болуп калды жана республикадагы туруктуу өнүгүүгө, саясий абалга олуттуу таасирин тийгизүүдө. Ошол эле учурда калктын саны боюнча өлкө коңшу мамлекеттердин көпчүлүгү менен атаандаша албайт. Республиканын туруктуу калкынын саны 2025-жылга карата 7,3 миллион адамды түздү, ал эми жумушчу күчүнүн саны 2024-жылга 2,9 миллион адамды түздү.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдагы калкты жана турак жай фондун каттоо маалыматтарына ылайык өлкөнүн чегинен тышкары эмгек миграциясында 858,0 миң адам бар.
2024-жылы республикадагы миграциялык өсүш 11 208 адамды түздү, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн (9 843 адам) ашкан.
Миграциянын оң сальдосу катары менен үчүнчү жыл сакталып келет, ошол эле учурда 30 жылда биринчи жолу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бардык өлкөлөрүнөн мигранттардын таза агымы катталды.
Миграциялык процесстер бүгүнкү күндө дээрлик Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына таасирин тийгизүүдө жана күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Кыргыз Республикасында калктын миграциялык агымы көз карандысыздык алган мезгилден бери эле сакталып келген. Миграциялык агымдын басымдуу бөлүгүн эмгек мигранттары түзгөн, алардын көпчүлүгү жакынкы мезгилге чейин Россия Федерациясынын аймагында болушкан.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын миграциялык агымдары акыркы үч жылда өз түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. 2022-жылдан бери Россия Федерациясында эмгек ишин жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын туруктуу агымы байкалууда. Эгерде 2022-жылга чейин Россия Федерациясынын миграциялык органдарында миграциялык каттоого турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын ар жылдык саны эң жогорку чекте 800,0 миңге жакын жаранга жетсе, 2023-жылы Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын маалыматтары боюнча бул сан Кыргыз Республикасынын 516,0 миң жаранын түздү. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча болгон маалыматтарга ылайык мигранттардын саны 380,0 миңге жакын адамды түздү, ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бул сан 341,1 миңге жакын адамды түздү.
5. Кыргыз Республикасына миграциялык агымдын өсүү тенденциясын эске алуу менен миграциядан кайтып келген Кыргыз Республикасынын жарандарын, ошондой эле ар кандай себептер боюнча Кыргыз Республикасынын жарандыгын алмаштырган Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандарын реинтеграциялоо маселелери да актуалдуу болууда. Ушуга байланыштуу мекендештерди реинтеграциялоо жаатында мамлекеттик саясатты түзүү жана камсыздоо, туруктуу экономикалык өсүштү андан ары турукташтыруу үчүн алардын потенциалын пайдалануу жана мамлекеттик маанидеги инфраструктуралык жана демографиялык милдеттерди чечүү зарылчылыгы келип чыгууда.
6. 2022-жылдан бери Кыргыз Республикасында экономиканын туруктуу өсүшү байкалууда, алсак Дүйнөлүк банктын маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасынын экономикасы 2022-жылдагы деңгээлде сакталуу менен 2023-жылы 9 %га өстү.
Бул өсүштүн негизги фактору болуп кызмат көрсөтүүлөр сектору, атап айтканда Кытайдан жана Россиядан келген транзиттик соодага байланышкан кызмат көрсөтүүлөр саналат. Ички дүң продукттун (мындан ары – ИДП) түзүмүндө өсүш экспорттун жана керектөөнүн көбөйүшү менен колдоого алынган. Маалыматтар боюнча 2024-жылдын январынан тартып декабрына чейинки мезгилде ИДП 1,5 трлн сомдон ашыкты түзгөн, бул 2023-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу көрсөткүчтөн 9 %га жогору.
7. Экономиканы андан ары өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрүнүн бири эмгек ресурстарынын рыногун тиешелүү өнүктүрүү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылы 20,0 миңден ашык бош жумуш орундары болгон жана 2024-жылга карата алардын 6,0 миңден ашууну дагы эле бош калган. Кыргыз Республикасынын текстиль жана курулуш тармактарында жумушчу күчүнүн жетишсиздиги өзгөчө байкалууда. Бул жетишсиздиктин ордун толтуруу үчүн иш берүүчүлөр чет өлкөлүк жарандарды тартууга аргасыз болушууда.
8. Жогоруда көрсөтүлгөн бардык чараларга карабастан, талдоо мигранттарды реинтеграциялоо процессинде белгилүү бир көйгөйлөрдүн бар экендигин көрсөтөт. Тактап айтканда, төмөнкү негизги кыйынчылыктарды аныктоого болот:
1) экономикалык туруксуздук – топтооолору бар кайтып келген мигранттар экономикалык белгисиздикке жана инвестициялоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугуна туш болушат. Бул инвестицияланган каражаттын тез жоголушуна жана анын экономикалык абалынын начарлашына алып келиши мүмкүн;
2) кесиптик көндүмдөрдүн жетишсиздиги – мигранттар көбүнчө жергиликтүү рынокто талап кылынган квалификацияга ээ эмес, ал эми алардын чет өлкөлүк тажрыйбасы Кыргыз Республикасында дайыма эле тааныла бербейт. Мындан тышкары болгон жумуш орундары дайыма эле кайтып келген мигранттардын талаптарына жооп бербейт;
3) маданий шок жана адаптация көйгөйлөрү – кайтып келген мигранттар чет өлкөдө узак убакыт болгондон кийин өз мекениндеги жашоого көнүүдө кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн. Бул аспекттерге инфраструктуралык жана мыйзамдык айырмачылыктар кирет. Мындан тышкары мигранттар менен бирге келген балдардын тил көндүмдөрүн өнүктүрүү маселеси белгиленүүдө. Чет өлкөдө төрөлгөн көптөгөн мигранттардын балдары жергиликтүү мектептерге жана бала бакчаларга интеграциялануу көйгөйлөрүнө туш болушат;
4) маалымдуулуктун төмөн деңгээли – кайтып келген мигранттар көбүнчө реинтеграциялоо, инвестициялоо жана ишке орношуу үчүн колдоо программалары жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө билишпейт.
3-глава. Кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоону өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары
9. Кыргыз Республикасында кайтып келген мигранттарды экономикалык колдоо алардын улуттук экономикага ийгиликтүү интеграцияланышы үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Бул багытты ишке ашыруунун алкагында чакан жана орто ишкердиктин субъекттерин ачуу жана өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредиттер, субсидиялар жана гранттар системасын киргизүү каралууда. Бул артыкчылыктын маанилүү элементи болуп жаңы жумуш орундарын түзүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунда талап кылынган тармактарды өнүктүрүү аркылуу иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү саналат.
10. Кыргыз Республикасына кайтып келген мигранттарды социалдык жана психологиялык адаптациялоо алардын мекенине кайтып келүүсүн жеңилдеткен колдоо механизмдерин түзүүнү болжолдойт. Бул багыттын алкагында психологиялык жардам көрсөтүү системасын калыптандыруу каралууда, анда мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү Кыргыз Республикасында жашоого адаптация болуу маселелери боюнча кеңештерди ала алышат. Ошондой эле медициналык кызмат көрсөтүүлөргө, билим берүүгө жана турак жай, социалдык коргоо, ишке орношууга көмөктөшүү сыяктуу башка социалдык жыргалчылыктарга жетүүнү камсыз кылуу маанилүү. Бул чаралар социалдык обочолонууну алдын алууга жардам берет жана мигранттардын жергиликтүү коомчулукка ийгиликтүү интеграцияланышына өбөлгө түзөт.
11. Кайтып келген мигранттар үчүн кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу – ушул Программанын маанилүү багыты болуп саналат. Бул багыттын алкагында ички рынокто талап кылынган адистиктер боюнча курстарды жана тренингдерди ишке киргизүү каралууда, бул мигранттарга өздөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Мигранттардын андан ары ишке орношуусу үчүн чет өлкөдө алган квалификацияларын жана дипломдорун ырастоо (валидация) мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу маанилүү. Артыкчылыктуу багыттын милдеттерине ишкердик жана бизнести башкаруу чөйрөсүндөгү көндүмдөрдү өнүктүрүү, ошондой эле финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча курстар кирет, булар жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
12. Кыргыз Республикасында кайтып келген мигранттарды маалыматтык колдоо маалыматтык платформаларды, түз байланыш линияларын жана мобилдик тиркемелерди түзүүнү камтыйт, мында мигранттар ишке орношуу, ишкердик жана жеткиликтүү мамлекеттик программалар боюнча консультацияларды ала алышат. Кайтып келүү боюнча укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө мигранттардын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн ЖМК, социалдык тармактар жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери аркылуу системалуу маалыматтык өнөктүктөрдү жүргүзүү зарыл. Бул колдоонун максаты болуп мигранттардын актуалдуу жана ишенимдүү маалыматка жетүүсүн камсыз кылуу, бул алардын өлкөнүн экономикалык жана социалдык жашоосуна ийгиликтүү интеграциялануусуна өбөлгө түзөт.
13. Ушул Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу эл аралык уюмдар, мигранттар барган өлкөлөр жана башка өнөктөштөр менен активдүү кызматташууну талап кылат. Финансылык жана техникалык колдоо көрсөткөн донорлор жана эл аралык институттар маанилүү ролду ойнойт. Кыргыз мигранттары барган өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен кызматташуу алардын укуктарын коргоону жакшыртууга, кайтып келүү процессин жана квалификациясын таанууну жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет. Бул Программа ошондой эле реинтеграция чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн башка өлкөлөр менен тажрыйба алмашууну жана алдынкы тажрыйбаларды камтыйт.
4-глава. Күтүлүүчү натыйжалар
14. Бул Программаны ишке ашырууда төмөнкү натыйжаларuf жетишүү күтүлөт:
1) экономикалык чыңдоо:
- ишкердик же ишке орношуу аркылуу экономикага тартылган кайтып келген мигранттардын санынын көбөйүшү;
- кайтып келген мигранттар тарабынан түзүлгөн чакан жана орто ишканалардын санынын өсүшү;
2) социалдык адаптация – психосоциалдык колдоо, медициналык жардам жана жергиликтүү жамаатка интеграциялоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүүнүн эсебинен мигранттардын социалдык адаптацияланышын жакшыртуу;
3) иш менен камсыздоону көбөйтүү – кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программалары аркылуу мигранттардын арасында иш менен камсыздоо деңгээлин жогорулатуу;
4) региондорду өнүктүрүү – мигранттарды жергиликтүү экономикага тартуунун эсебинен республиканын айылдарындагы жана алыскы региондорундагы экономикалык активдүүлүктү чыңдоо.
5-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
15. Кыргыз Республикасындагы мигранттарды реинтеграциялоо мамлекеттик түзүмдөрдүн да, коммерциялык эмес уюмдардын да активдүү катышуусун талап кылган татаал жана көп факторлуу процесс болуп саналат. Экономикалык колдоону, кесиптик кайра даярдоону, финансылык сабаттуулукту жогорулатууну жана социалдык-психологиялык адаптацияны камтыган комплекстүү мамилесиз ийгиликтүү реинтеграция мүмкүн эмес.
16. Бул Программа мигранттардын экономикалык, социалдык жана маданий адаптациясын камсыз кылуучу комплекстүү колдоо системасын түзүүгө багытталган. Бул Программаны ишке ашыруу өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө, мигранттардын жана алардын үй-бүлөсүнүн жашоо деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле кайтып келген мигранттардын социалдык жана экономикалык обочолонуу көйгөйүн чечүүгө көмөктөшөт.
17. Бул Программаны ишке ашыруудагы жагымдуу өбөлгөлөр болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аларды ийгиликтүү реинтеграциялоого багытталган мыйзамдарды кабыл алуу жана программаларды ишке ашыруу менен кайтып келген мигранттарды колдоо боюнча саясатты активдүү жүргүзүүдө. Бул программалардын туруктуулугуна шарт түзөт жана мамлекет үчүн алардын маанилүүлүгүн жогорулатат;
2) өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр, өкмөттүк эмес уюмдар, ошондой эле финансылык институттар ушул Программага киргизилген чараларды ишке ашырууга кызыкдар жана эксперттик-техникалык, ошондой эле финансылык жардам берүүгө даяр экендигин билдирүүдө;
3) кайтып келген мигранттар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн колдонууга мүмкүн болгон баалуу билимге, көндүмдөргө жана тажрыйбага ээ. Мындан тышкары көптөгөн мигранттар тапкан каражаттарын мекенинде бизнеске жана жумуш орундарын түзүүгө инвестициялоого умтулат;
4) институттук инфраструктуранын – кадрларды кайра даярдоону жүргүзгөн мамлекеттик жана жеке билим берүү мекемелеринин, кредит берүүнү камсыз кылган финансылык институттардын, турак жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган ипотекалык турак жайга кредит берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, ошондой эле мигранттарга колдоо көрсөткөн коммерциялык эмес уюмдардын болушу – ушул Программаны ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт;
5) Кыргыз Республикасындагы иш берүүчүлөр квалификациялуу жумушчу күчүнө кызыкдар, ал эми өзгөчө көндүмдөргө ээ мигранттар бул суроо-талапты канааттандыра алат. Россия Федерациясынын учурдагы абалын жана миграциялык саясатын эске алуу менен, жумушсуздукту кыскартуу жана эмгек ресурстарын натыйжалуу пайдалануу үчүн бул мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу зарыл.
18. Ушул Программаны ишке ашыруудагы тобокелдиктер:
1) жетишсиз каржылоо:
- мамлекеттик бюджеттен же эл аралык донорлордон бөлүнгөн каражаттын жетишсиздиги ушул Программаны ишке ашырууну кечиктириши же чектеши мүмкүн;
- реинтеграциялоо чараларын каржылоо өлкөдөгү экономикалык проблемалардан же ресурстардын тартыштыгынан улам туруксуз болушу мүмкүн;
2) эмгек рыногунун даяр эместиги:
- өлкөдөгү экономикалык кырдаал иш орундарынын жетиштүү санын түзүүгө мүмкүндүк бербейт, бул кайрадан миграцияга алып келиши мүмкүн;
- мигранттардын квалификациясынын жергиликтүү эмгек рыногунун талаптарына шайкешсиздиги алардын ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн чектейт;
3) социалдык жана психологиялык кыйынчылыктар:
- кайтып келген мигранттар жергиликтүү коомдоштукка көнүү жана интеграциялоо боюнча психологиялык проблемаларга туш болушу мүмкүн, бул алардын социалдык туруксуздугуна таасирин тийгизиши ыктымал;
- мигранттар медициналык кызмат көрсөтүүлөргө, билим берүүгө жана социалдык коргоо системасына жетүүдө кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн;
4) тышкы экономикалык факторлордун таасири:
- мигранттар иштегени барган өлкөлөрдөгү экономикалык туруксуздук алардын кайтып келүү динамикасына таасир этиши жана масштабдуу реинтеграциялоо талап кылынышы мүмкүн;
- глобалдык экономикалык кризистер жана валюта рынокторундагы өзгөрүүлөр ушул Программаны каржылоого жана анын туруктуулугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Бул Программаны натыйжалуу ишке ашыруу башкарууда ийкемдүүлүктү, тобокелдиктерге дайыма мониторинг жүргүзүүнү жана мындай тобокелдиктерди азайтуу үчүн ар кандай кызыкдар тараптар менен кызматташууну талап кылат.
6-глава. Мониторинг жана баалоо
19. Бул Программанын иш-чараларынын аткарылышын талдоо жетишилген натыйжаларды баалоо жана проблемалуу жааттарды аныктоо үчүн отчетторду түзүү менен жүргүзүлөт. Бул Программаны ишке ашырууга жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги саналат. Бул Программанын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында орто аралык натыйжаларды талдоонун негизинде зарылчылыкка жараша иш-чараларды ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттарына жана мөөнөттөрүнө түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн.