Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-майы № 357
Кыргыз Республикасына автотранспорт
каражаттарынын кузовдорун ташып келүүгө
убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398 «Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын 4-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ушул токтом күчүнө киргенден кийин үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү, ЕАЭБ ТЭИ ТН 8707 10 900 0 коду менен классификациялануучу автотранспорт каражаттарынын кузовдорун (бажы транзитинин бажы жол-жобосун жана «ДТ Техник» жоопкерчилиги чектелген коому (ИСН 02811201210064), «Шумкар» трансулуттук корпорациясы» ачык акционердик коому (ИСН 01709202111559), «Жису» Кытай-Кыргыз биргелешкен автомобиль өндүрүштүк компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коому (ИСН 02902202410382), «Шунфа» жоопкерчилиги чектелген коому (ИСН 01706201610209), «Мурат Авто» жоопкерчилиги чектелген коому (ИСН 01010202410378), «Кыргыз Унаа Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому (ИСН 01202201810079), «Меридиан Голд» жоопкерчилиги чектелген коому (ИСН 01812201710299) тарабынан ташып келинген, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүү жана чогултуу үчүн арналган автотранспорт каражаттарынын кузовдорун кошпогондо) Кыргыз Республикасына ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда көрсөтүлгөн тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюуга багытталган чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 633 «Автотранспорт каражаттарынын кузовдорун Кыргыз Республикасына ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |