Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-майы № 337
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 811 «Социалдык-экономикалык багыттагы объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Социалдык багыттагы объекттерди долбоорлоо жана куруу чөйрөсүндөгү милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу жана алардын андан ары иштөөсүн камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 811 «Социалдык-экономикалык багыттагы объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууну колдонуу менен куруу боюнча иштерди сапаттуу жана өз убагында аткарууну камсыз кылсын;
2) төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
– ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн борбордук футбол стадионун Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Спорттук комплекс» мамлекеттик ишканасына;
– ушул токтомдун 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн турак жай кварталдары менен соода комплексин (жаңы Ош базарын) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кыял» улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси» мамлекеттик ишканасына;
3) ушул токтомдун 1-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн автобекет комплексин курулушу аяктагандан кийин жергиликтүү кеңештин макулдугу менен белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясына муниципалдык менчикке өткөрүп берсин.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-майындагы № 36 (3796) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |