Загрузка документа…
|
|
|
|
| Кант шаардык кеңешинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги №28/V-29-токтомунун тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кант шаарынын аксакалдар сотунун иш РЕГЛАМЕНТИ
1 . Жалпы жобо
1. Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык, аксакалдар сотунун өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча ишин уюштуруунун эрежелерин белгилейт.
2. Аксакалдар соту - ыктыярдуу жана жергиликтүү жамааттын колдоосу менен шайлоонун жана өз алдынча башкаруунун негизинде түзүлгөн, мыйзамдарда белгиленген тартипте жана учурларда жарандардын, жарандардын жана юридикалык жактардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди (материалдарды) кароого чакырылган мамлекеттик органдар.
3. Аксакалдар соту мыйзамда белгиленген тартипте Кант шаарынын аймагында жарандардын чечимдеринин негизинде түзүлөт.
4. Аксакалдар сотунун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, жогоруда аталган мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт. Аксакалдар соту өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана Кыргызстан элинин тарыхый калыптанган каада-салттарынан жана үрп-адаттарынан келип чыккан моралдык-этикалык нормаларды жетекчиликке алат.
5. Аксакалдар сотуна мыйзамдарга карама-каршы келбеген милдеттер жүктөлөт: жарандардын бузулган же мыйзам тарабынан талашылып жаткан укуктарын, мыйзамдуу таламдарын коргоо же аларды жараштыруу; мыйзамдуулукту чыңдоого, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоого көмөктөшүүгө, социалдык чыр-чатактарды алгачкы этапта чечүүгө катышууга; жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, адеп-ахлак нормаларын, этикасын, элинин үрп-адаттарын жана салттарын урматтоого тарбиялоо.
6. Аксакалдар соту ушул Регламенттин 5-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди чечүүдө ынандыруу, коомдук таасир этүү, тараптардын жарашуусуна жетишүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген адилеттүү чечим кабыл алуу аркылуу аракеттенет.
7. Аксакалдар сотунун актылары чечим жана аныктама түрүндө чыгарылат. Аксакалдар соту каралып жаткан иштин маңызы боюнча чечимдерди жана өндүрүштүн жүрүшүндө чечимди талап кылган айрым маселелер боюнча аныктамаларды чыгарат.
Чечимге аксакалдар сотунун төрагасы же аксакалдар сотунун жыйналышында төрагалык кылган адам кол коет. Эгерде аныктама аксакалдар сотунун жыйналышында чыгарылса, аныктамага аксакалдар сотунун төрагасы же төрагалык кылуучу кол коет; эгерде аныктама материалды аксакалдар сотунун жыйналышында кароого даярдоо учурунда чыгарылса, аныктамага аксакалдар сотунун жыйналышында кароого материалды даярдап жаткан аксакалдар сотунун мүчөсү кол коет.
8. Аксакалдар сотунун чечимдерин жана тескемелерин, аксакалдар сотунун жыйналыштарынын протоколдорун аксакалдар сотунун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн жооптуу катары аксакалдар сотунун мүчөлөрү менен макулдашуу боюнча аныкталган аксакалдар сотунун төрагасы, аксакалдар сотунун мүчөсү (мындан ары - катчы) түзөт.
2. Иштерди (материалдарды) кароого даярдоо
9. Аксакалдар сотунун кароосуна келип түшкөн бардык материалдар (иштер жана арыздар) келип түшкөн күнү катчы тарабынан атайын журналга катталат.
10. Кант шаардык аксакалдар соту иштерди (материалдарды) жазуу жүзүндөгү (электрондук) арыз катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде карайт.
11. Аксакалдар сотунун төрагасы же төраганын тапшырмасы менен аксакалдар сотунун мүчөсү келип түшкөн иш (материалдар) менен 5 календардык күндүн ичинде алдын ала таанышып чыгып, Мыйзамдын 7, 19 жана 22-беренелеринин талаптарын эске алып, аксакалдар сотунун компетенциясына кирер-кирбесин, ушул ишти аксакалдар сотунун кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар бар же жок экендигин, олуттуулугу боюнча ишти кароо үчүн андагы материалдардын жетиштүүлүгү тууралу корутунду түзөт.
Корутундуда иштин иш жүзүндөгү жагдайлары, аксакалдар сотунун кароосуна тартылып жаткан адамдын ким экени жөнүндө маалыматтар жана аксакалдар сотунун өндүрүшүнө кабыл алуу же аны кайтарып берүүнүн негиздерин көрсөтүү менен кайтарып берүү жөнүндө сунуш көрсөтүлөт.
12. Корутунду аксакалдар сотунун жыйналышында каралат. Анын жыйынтыгы менен төмөнкүдөй чечим ( аныктама) кабыл алынат:
- иш (материал) тиешелүү аксакалдар сотунун компетенциясына тиешелүү болуп, кошумча материалдарды суратуунун зарылдыгы жок болсо ишти өндүрүшкө алуу жөнүндө;
- иш (материал) аксакалдар сотунун компетенциясына кирбеген же ал аксакалдар сотунун кароосуна жатпаган учурда кайтарып берилет;
- ишти кароого алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алынат жана арыз ээсине жазуу жүзүндө жооп жиберилет;
- кошумча материалдарды суратып алуу жана аларды иликтөө зарыл болгон учурда ишти (материалдарды) кароо мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылат.
13. Аксакалдар сотунун жыйналышында ишти (материалды) кароонун кароо күнү, убактысы, орду жана катышуучулары аксакалдар сотунун төрагасы тарабынан аныкталат.
Катышуучуларга кабарлоо күн мурунтан, бирок кеминде 3 күн мурда жүргүзүлөт.
Кайтарылып берилген материалдардын ээлерине себебин көрсөтүү менен жооп, мөөнөтү узартылган кайрылуу ээлерине себебин көрсөтүү менен билдирүү жиберилет.
14. Аксакалдар сотунун төрагасы же анын тапшырмасы боюнча аксакалдар сотунун мүчөсү тараптарды же алардын өкүлдөрүн иш (материалдар) менен тааныштырат, зарыл болгон учурда аксакалдар сотунда каралып жаткан адамдан, жабырлануучудан, күбөлөрдөн түшүнүк кат алат.
15 Ишти (материалдарды) кароо 18 жашка чейинки адамдарга байланыштуу болгондо аксакалдар соту алардын мыйзамдуу өкүлдөрүн (ата-энесин, көзөмөлчүсүн, камкорчусун, алар жок болгондо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин), алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн ишти олуттуу кароо боюнча отурумдун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат.
Аксакалдар сотуна он сегиз жашка толо элек адамдарды алардын мыйзамдуу өкүлдөрүсүз чакырууга, тарап (арыз ээси, жоопкер) жана күбө катары катышуусуна жол берилбейт.
3. Аксакалдар сотунун иштерди (материалдарды) кароосунун тартиби
16. Аксакалдар соту иштерди (материалдарды) өздөрүнүн жыйналышында карайт. Аксакалдар сотунун жыйналышы зарылчылыгына, материалдардын келип түшүшүнө жана кароого даяр болушуна жараша өткөрүлөт.
17. Аксакалдар сотторунда териштирүү ачык жүргүзүлөт.
Аксакалдар соту тараптардын биринин өтүнүчү боюнча, 18 жашка толо элек адамдардын жашоосунун жеке жактары жөнүндө маалыматтардын ачыкка чыгышына жол бербөө максатында үй-бүлөлүк талаш-тартыштар, ошондой эле жеке жана башка мүнөздөгү сырды камтыган башка иштер боюнча териштирүүнү жабык жыйналышта жүргүзөт.
18. Мыйзамдын 10-беренесинде аныкталгандай, аксакалдар сотторунун өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт.
Аксакалдар соту тараптардан ар кандай жазуу жүзүндөгү материалдарды иш каралып жаткан тилге которууну талап кыла алат.
Ишке катышып жаткан жана аксакалдар сотунун жыйналышы жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген жактар котормочунун (сурдокотормочунун) кызматынан пайдалана алышат. Котормочунун катышуусун өтүнмө берген тарап камсыз кылат.
19. Аксакалдар соту ишти (материалды) жыйналышка так сандагы, бирок үчтөн кем эмес мүчөлөрдүн милдеттүү катышуусу менен кароого укуктуу.
20. Аксакалдар сотунун катчысы жыйын башталганга чейин паспортун же өздүгүн тастыктоочу башка документин текшерүү менен жыйналышка катышуучу жактардын, чакырылган күбөлөрдүн ж.б. катышуучулардын келип-келбегендигин тактайт жана төрагага кабарлайт.
21. Аксакалдар сотунун төрагасы/төрагалык кылуучу жыйналышты ачат, соттун курамын тааныштырат, карала турган ишти (материалды) жарыялайт.
22. Жыйын ачылгандан кийин төрагалык кылуучу аксакалдар сотуна чакырылган адамдардын келгендигин тастыктайт, процесстин тараптарына жана башка катышуучуларына алардын укуктарын түшүндүрөт, андан кийин аларда аксакалдар сотунун курамы боюнча четтетүү жана өтүнмөлөр бар-жогун, ал эми мүлктүк, үй-бүлөлүк, жарандык, турак жай, жер мамилелери боюнча талаш-тартыштар жагынан алардын иштерин аксакалдар соту кароосуна тараптардын макулдугун аныктайт.
23. Аксакалдар соту жыйынына катышып жаткан адамдардан кошумча материалдарды талап кылуу жөнүндө жана аксакалдар сотунун компетенциясына кирген башка маселелер боюнча күбөлөрдү чакыруу жөнүндө өтүнмөлөрүн ордунда отуруп кеңешүү менен чечет. Чечим катышуучуларга жарыяланат.
24. Аксакалдар сотунун жыйынына катышып жаткан адамдар аксакалдар сотунун айрым мүчөлөрүн четтетүү, кошумча материалдарды талап кылуу жөнүндө жана аксакалдар сотунун компетенциясына кирген башка маселелер боюнча күбөлөрдү чакыруу жөнүндө өтүнмөлөрдү билдирүүгө укуктуу.
Жыйынга катышып жаткан адамдардын аксакалдар сотунун айрым мүчөлөрүн четтетүү жана аксакалдар сотторунун өзүн-өзү четтетүү боюнча кайрылуусу өзүнчө бөлмөдө, ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин Мыйзамдын 27-беренесине ылайык чечилет жана жыйналыштын катышуучуларына билдирилет.
Аксакалдар соту кошумча материалдарды талап кылуу жөнүндө жана күбөлөрдү чакыруу жөнүндө өтүнмөлөрдү ордунда отуруп кеңешүү менен чечет жана ошол замат жарыялайт.
25. Четтетүүлөр жана өтүнмөлөр жөнүндө маселе чечилгенден кийин төрагалык кылуучу маңызы боюнча иштин жагдайларын баяндайт.
26. Төрагалык кылуучу тараптарга ишти маңызы боюнча кароонун ар кандай этабында тараптар үчүн өз ара алгылыктуу макулдашууну кабыл алуу аркылуу жарашуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет.
27. Андан кийин сот арыз ээсинин жана анын тарабында иштин жыйынтыгына кызыкдар болгон жактардын, жоопкердин жана анын тарабында катышкан иштин жыйынтыгына кызыкдар жактардын, ошондой эле ишке катышып жаткан башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угат, иш боюнча берилген материалдарды изилдейт.
28. Аксакалдар соту иш боюнча кандайдыр бир кошумча маалыматты же маалыматтарды алуу зарыл болгон учурда каралып жаткан иштин (материалдын) маңызы боюнча чечим чыгарбастан, жыйналышты кийинкиге калтырууга же аны башка мөөнөткө жылдырууга укуктуу.
29. Процесстин катышуучулары тарабынан толуктоолор жок болгон учурда, төрагалык кылуучу ишти кароонун аяктаганын жарыялайт.
4.Аксакалдар сотунун чечим чыгаруусу
30. Аксакалдар сотунун курамы ордунда кеңешип же өзүнчө бөлмөгө чыгып, ишти кароого катышкан аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен чечим кабыл алат. Чечим жыйында изилденген далилдерге гана негизделиш керек.
31. Аксакалдар сотунун чечиминин резолюциялык бөлүгү жазуу жүзүндө түзүлөт, ага ишти кароого катышкан аксакалдар сотунун бардык мүчөлөрү колтамга коёт, ошол эле жыйында аксакалдар сотунун бардык мүчөлөрүнүн жана тараптардын катышуусунда жарыяланат.
Чечимге макул болбогон аксакалдар сотунун мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндайт. Аксакалдар сотунун мүчөсүнүн өзгөчө пикири ишти маңызы боюнча чечүүгө таасир этпейт, бирок ал чечимге тиркелүүгө тийиш.
Аксакалдар соту ишке кароого катышкан жактар жана алардын өкүлдөрү жүйөлөнгөн чечим (жазуу жүзүндө) менен качан тааныша ала турганынын дагы жарыялоого милдеттүү.
32. Аксакалдар сотунун чечими Мыйзамдын 32-беренесине ылайык таризделет.
Чечим жарыяланганга чейин төрагалык кылуучу жана аксакалдар сотунун мүчөлөрү колтамга коёт.
33. Аксакалдар сотунун чечими, эгерде ал даттанылбаса, чыгарылган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
34. Кабыл алынган чечимдер жөнүндө аксакалдар соту 10 күндүк мөөнөттө арыз ээсине, материалды жөнөткөн органга (кызмат адамына) билдирүүгө милдеттүү.
35. Мыйзамдын 34-беренесинде көрсөтүлгөндөй, аксакалдар сотунун чечими төмөндөгү таасир көрсөтүү чараларынын бирин дайындоо менен же ансыз кабыл алынышы мүмкүн:
1) коомдук эскертүү берүү;
2) эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;
3) коомдук сөгүш жарыялоо;
4) келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттендирүү;
5) эгерде чечимди аткарууда ыйгарылган мүлк жок болсо, жоопкерден өндүрүп алынууга тийиш болгон мүлктүн наркын көрсөтүү менен мүлктү натуралай берүү.
Коомдук таасир көрсөтүү чараларынын жогоруда белгиленген тизмеси толук делип эсептелинет жана аксакалдар соту тарабынан кеңири чечмеленүүгө жатпайт.
5. Аксакалдар сотторунун чечимдерине даттануунун жана аларды аткаруунун тартиби
36. Аксакалдар сотунун чечими чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылууга тийиш. Аксакалдар соту чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүп турат (кат жиберүү, чакырып сүйлөшүү ж.б. бардык аракеттери протоколдоштурулат).
37. Жоопкер аксакалдар сотунун чечиминде аныкталган тартипте жана мөөнөттө аксакалдар сотунун чечимин аткарбаган учурда, аксакалдар соту чечим анын пайдасына кабыл алынган адамга аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндө сотко кайрылууну сунуштайт.
38. Аксакалдар сотунун чечими пайдасына чыгарылган тараптын райондук же шаардык сотко аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө Мыйзамдын 34-беренесине ылайык жазылган арызы төмөнкү документтерди тиркөө менен, арыз түшкөн күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жиберилет:
1) аксакалдар сотунун чечиминин талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) аксакалдар сотунун чечимин аткарбагандыгын ырастаган документтер;
3) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздын көчүрмөсү башка тарапка жөнөтүлгөнүн ырастаган тапшыруу жөнүндө билдирүү же башка документ;
4) арызга колтамга коюуга өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним кат же башка документ.
6. Аксакалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мамилеси
39. Аксакалдар соту өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде методикалык жана консультациялык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен райондук сотко жана Кант шаарынын мэриясына кайрыла алат.
40. Аксакалдар соттору Мыйзамдын 6-беренесинде аларга таандык болгон функцияларды жүзөгө ашырууда ички иштер органдары, прокуратура органдары жана башка укук коргоо органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташат.
7. Аксакалдар сотторунун ишин каржылоо, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
41. Кыргыз Республикасынын Конституциясынынын 115-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
42. Мыйзамдын 38-беренесине ылайык Кант шаарынын мэриясы тарабынан Аксакалдар сотунун толук кандуу иштешин камсыз кылуу максатында аларга заманбап зарыл жабдуулар менен жабдылган өзүнчө бөлмө (кеңсе) бөлүнүп берилген.
43. Кант шаарынын мэриясы аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, ар кандай юридикалык жана жеке жактардын демөөрчүлүк жардамынан түшкөн каражаттардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы башка акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен ар кандай жеңилдиктерди жана материалдык сыйлыктарды берүүнү карайт.
а) аксакалдар сотунун отурумуна катышуусу зарыл болгон адамдарды, аксакалдар соту менен макулдашуу боюнча, өзүнүн кызматкерлерин, тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлерин чакырууга жана катыштырууга көмөк көрсөтөт;
б) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү аяктаганда жана аксакалдар сотунун өтүнүчү боюнча андан башка учурда аксакалдар сотунун документтерин кабыл алат жана сактап турат.