Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-апрели № 471-VIII
«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна
ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 1702-VII токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 1702-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмегинде:
1) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат.»;
2) 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти.»;
3) 16, 17-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 18-майында https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7721 расмий сайтында жарыяланды
Төраганын биринчи орун басары |
М.К. Алиев |