Редакцияот 07.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-турпак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

 

2026-жылдын 7-апрели № 10

 “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын

2026-жылга бюджетин бекитүү  жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин 2026-жылдын                               3-апрелиндеги № 108 сунуш каты айылдык кеңештин депутаттары тарабынан каралып, “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Ботобековдун маалыматы угулуп, талкууланып,  Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

1. “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү 5 137 014 (беш миллион бир жүз отуз жети миң он төрт ) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Ботобековго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж.Маканбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А. Имаров