Редакцияот 07.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-турпак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

 

2026-жылдын 7-апрели № 13

 Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган 5 (беш) долбоорго өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоорлорго Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн өздүк салымын ажыратып берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 108 сунуш катын карап чыгып, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

1. Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан жалпы сметалык баасы 10 млн 800 миң сомду түзгөн 5 (беш) долбоорго өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен 4 млн  763 миң 963 сом акча каражаты ажыратылып берилсин. Долбоорлор боюнча маалымат 1-тиркемеде.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А. Имаров

 

 

 

 

 

Ак-Турпак айылдык кеңешинин          VIII чакырылышынын      

2026-жылдын 7-апрелиндеги

кезектеги XVII сессиясынын   

№ 13 токтомуна 1-тиркеме

 

 

Долбоорлор

 

1.    Сары-Камыш айылына электр линиясын тартуу долбоору.

 Суралуучу сумма -  1 000 000 сом, өздүк салым – 333 359 сом.

2.    Жетиген, Жаш-Тилек жана Келечек айылдарына баруучу 1 км негизги авто жолуна асфальт төшөө долбоору.

Суралуучу сумма – 5 000 000 сом, өздүк салым – 2 000 000 сом.

3.    Ак-Турпак айыл аймагына таза суу үчүн долбоорлоого (ДСД жасатуу) долбоору. 

Суралуучу сумма -  1 500 000 сом, өздүк салым – 1 200 000 сом.

4.    Жаңы-Жер айылындагы борбордук стадиондун айланасын тосмо тосуу долбоору.

Суралуучу сумма -  1 800 000 сом, өздүк салым – 450 231 сом.

5.    Жаңы-Жер айылындагы “Алтын-Ай” балдар бакчасынын имаратынын эки бөлмөсүн учурдук оңдоодон өткөрүү жана чатырын алмаштыруу долбоору.

Суралуучу сумма -  1 500 000 сом, өздүк салым – 780 373 сом.

 

 

Ак-Турпак айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы                                                                                                Н.Насибалиев