Редакцияот 13.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 13-майы № 334

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин cатып алуу жөнүндө келишимдерди банктык коштоо маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү, укуктук коллизияларды четтетүү, сатып алуу жөнүндө келишимдерди банктык коштоо механизмин колдонуу менен байланышкан административдик тоскоолдуктарды минималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 «Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибинде:

- 5-пунктта:

1-пунктчада «, анын ичинде мурда түзүлгөн келишимдер боюнча банктык коштоонун алкагында алынган маалыматтар» деген сөздөр алып салынсын;

3, 6, 11 жана 18-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;

- 23-пунктта «, банктык коштоону колдонуу жөнүндө маалымат» деген сөздөр алып салынсын;

- 30-пункттун 10-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 13-глава күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 114 «Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан түзүлүүчү сатып алуулар жөнүндө келишимдерди банктык коштоо тартиби жана шарттары тууралуу жобону бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 15-майындагы № 35 (3795) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев