Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-апрели № 304
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө Жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу жана региондорду өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 -беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө Жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Бишкек" эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө Жободо:
- 463-пункт "сотто" деген сөздөн кийин "арыз ээси," деген сөз менен толукталсын;
- 471-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 15-пунктча менен толукталсын:
"15) жүктөлгөн кызматтык милдеттерине ылайык коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштеши боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.";
- 50-пункттун 13-пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана" деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Каракол" эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө Жободо:
- 20-пунктта "57" деген цифралар "58" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 33-пункттун экинчи абзацында, 37, 48-пункттарда, 50-пункттун 13-пунктчасында ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 47-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47. "Каракол" ЭЭЧнын ишин ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы директор жана анын орун басарлары башкарат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 411-пункт толукталсын:
"411. Башкы директор:
1) "Каракол" ЭЭЧнын ишин уюштурат жана жетектейт;
2) "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) "Каракол" ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашууга башкы дирекциянын бюджетинин, штаттык расписаниесинин жана түзүмүнүн долбоорлорун киргизет;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык башкы дирекциянын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен өз ара мамилелерде "Каракол" ЭЭЧнын субъекттеринин кызыкчылыктарын коргойт;
6) "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын атынан ишеним катсыз жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
7) "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;
8) Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
9) "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
10) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын жамааттык келишимине ылайык "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
11) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банктарда эсептерди ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансылык документтерге кол коет;
12) "Каракол" ЭЭЧнын кызыкчылыктарын коргоого ишеним каттарды берет;
13) финансылык жана эсептик тартиптин сакталышын камсыз кылат;
14) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бюджеттик мезгилдин жыйынтыгы боюнча алынган пайданы бөлүштүрөт;
15) жүктөлгөн кызматтык милдеттерине ылайык коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштеши боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.";
- 50-пункттун 13-пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 501-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык иштин зарыл болгон көлөмүн аткаруу үчүн жарандарды мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде тартууга.";
- 54-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
54. "Каракол" ЭЭЧнын бюджети төмөнкүлөрдөн алынган каражаттардан түзүлөт:
1) "Каракол" ЭЭЧнын субъекти катары "Каракол" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төлөөдөн;
2) жер участокторун, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүү үчүн акы төлөөдөн;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелерден.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Лейлек" эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө Жободо:
- 6-пунктта "81,0" деген цифралар "86" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 20-пунктта "57" деген цифралар "58" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 33-пункттун экинчи абзацында, 37, 48-пункттарда, 50-пункттун 13-пунктчасында ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 47-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47. "Лейлек" ЭЭЧнын ишин ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы директор жана анын орун басарлары башкарат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 471-пункт менен толукталсын:
"471. Башкы директор:
1) "Лейлек" ЭЭЧнын ишин уюштурат жана жетектейт;
2) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашууга башкы дирекциянын бюджетинин, штаттык расписаниесинин жана түзүмүнүн долбоорлорун киргизет;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык башкы дирекциянын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен өз ара мамилелерде "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин кызыкчылыктарын коргойт;
6) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын атынан ишеним катсыз жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
7) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;
8) Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
9) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
10) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын жамааттык келишимине ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
11) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банктарда эсептерди ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансылык документтерге кол коет;
12) "Лейлек" ЭЭЧнын кызыкчылыктарын коргоого ишеним каттарды берет;
13) финансылык жана эсептик тартиптин сакталышын камсыз кылат;
14) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бюджеттик мезгилдин жыйынтыгы боюнча алынган пайданы бөлүштүрөт;
15) жүктөлгөн кызматтык милдеттерине ылайык коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштеши боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.";
- 50-пункттун 13-пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 501-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык иштин зарыл болгон көлөмүн аткаруу үчүн жарандарды мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде тартууга.";
- 54-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"54. "Лейлек" ЭЭЧнын бюджети төмөнкүлөрдөн алынган каражаттардан түзүлөт:
1) "Лейлек" ЭЭЧнын субъекти катары "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төлөөдөн;
2) жер участокторун, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүү үчүн акы төлөөдөн;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелерден.";
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Маймак" эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө Жободо:
- 6-пунктта:
"Кара-Буура" деген сөздөр "Айтматов" деген сөзгө алмаштырылсын;
"станциясынын" деген сөздөн кийин "жалпы аянты 159 га" деген сөздөр менен толукталсын;
- 20-пунктта "57" деген цифралар "58" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 33-пункттун экинчи абзацында, 37, 48-пункттарда, 50-пункттун 13-пунктчасында ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 47-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47. "Маймак" ЭЭЧнын ишин ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы директор жана анын орун басарлары башкарат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 471-пункт менен толукталсын:
"471. Башкы директор:
1) "Маймак" ЭЭЧнын ишин уюштурат жана жетектейт;
2) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашууга башкы дирекциянын бюджетинин, штаттык расписаниесинин жана түзүмүнүн долбоорлорун киргизет;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык башкы дирекциянын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен өз ара мамилелерде "Маймак" ЭЭЧнын субъекттеринин кызыкчылыктарын коргойт;
6) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын атынан ишеним катсыз жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
7) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;
8) Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
9) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
10) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын жамааттык келишимине ылайык "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
11) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банктарда эсептерди ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансылык документтерге кол коет;
12) "Маймак" ЭЭЧнын кызыкчылыктарын коргоого ишеним каттарды берет;
13) финансылык жана эсептик тартиптин сакталышын камсыз кылат;
14) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бюджеттик мезгилдин жыйынтыгы боюнча алынган пайданы бөлүштүрөт;
15) жүктөлгөн кызматтык милдеттерине ылайык коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштеши боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.";
- 50-пункттун 13-пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 54-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"54. "Маймак" ЭЭЧнын бюджети төмөнкүлөрдөн алынган каражаттардан түзүлөт:
1) "Маймак" ЭЭЧнын субъекти катары "Маймак" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төлөөдөн;
2) жер участокторун, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүү үчүн акы төлөөдөн;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелерден.";
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Нарын" эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө Жободо:
- 20-пунктта "57" деген цифралар "58" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 33-пункттун экинчи абзацында, 37, 48-пункттарда, 50-пункттун 13-пунктчасында ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 47-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47. "Нарын" ЭЭЧнын ишин ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы директор жана анын орун басарлары башкарат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 471-пункт менен толукталсын:
"471. Башкы директор:
1) "Нарын" ЭЭЧнын ишин уюштурат жана жетектейт;
2) "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашууга башкы дирекциянын бюджетинин, штаттык расписаниесинин жана түзүмүнүн долбоорлорун киргизет;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык башкы дирекциянын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен өз ара мамилелерде "Нарын" ЭЭЧнын субъекттеринин кызыкчылыктарын коргойт;
6) "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын атынан ишеним катсыз жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
7) "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;
8) Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
9) "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
10) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын жамааттык келишимине ылайык "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
11) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банктарда эсептерди ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансылык документтерге кол коет;
12) "Нарын" ЭЭЧнын кызыкчылыктарын коргоого ишеним каттарды берет;
13) финансылык жана эсептик тартиптин сакталышын камсыз кылат;
14) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бюджеттик мезгилдин жыйынтыгы боюнча алынган пайданы бөлүштүрөт;
15) жүктөлгөн кызматтык милдеттерине ылайык коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштеши боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.";
- 50-пункттун 13-пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 501-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "Нарын" ЭЭЧнын долбоорлорун жана программаларын каржылоону камсыз кылуу жана ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн жеке жана юридикалык жактардан акысыз каржылоону, гранттарды, ыктыярдуу мүлктүк төгүмдөрдү жана өнөктөштүк колдоону тартууга.";
- 54-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"54. "Нарын" ЭЭЧнын бюджети төмөнкүлөрдөн алынган каражаттардан түзүлөт:
1) "Нарын" ЭЭЧнын субъекти катары "Нарын" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төлөөдөн;
2) жер участокторун, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүү үчүн акы төлөөдөн;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелерден.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-майындагы № 34 (3794) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |