Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 17-декабрындагы №3
Сайдыкум айылдык кеңешинин депутаттарынын Типтүү этика кодексин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №258-токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 06-декабрындагы №01-25/328 буйругуна негиз, Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II сессиясы, угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айылдык кеңешинин депутаттарынын Типтүү этика кодекси бекитилсин.
2. Бекитилген депутаттарынын Типтүү этика кодекси менен бардык депутаттарды тааныштыруу жагы, Сайдыкум айылдык кеңешинин катчысына жана төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Сайдыкум айыл өкмөтүнүн веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад облусттук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж.С.Инаятовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сайдыкум айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |