Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 18-майы № 176
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын
10-майындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесинин 62-бөлүгүн, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 5-пунктун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жободо:
– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. «Эл үмүтү» стипендиясы Кыргыз Республикасынын эң таланттуу жаштарына чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында (мындан ары – билим берүү уюмдары) магистратура жана докторантура (PhD) деңгээлинде жана талапкер окууга тапшырган учурда QS World University Rankings жана/же Times Higher Education тарабынан түзүлгөн дүйнөлүк рейтингдердин топ-100үнө кирген билим берүү программалары боюнча билим алууга көмөк көрсөтүүгө багытталат.
Тиешелүү даярдоо багыты боюнча көрсөтүлгөн билим берүү уюмдарына кабыл алынган талапкерлер окуу наркын толугу менен же жарым-жартылай жапкан стипендия алууга укуктуу.»;
– 13-пунктта «чет өлкөлүк окуу жайынын» деген сөздөр «чет өлкөлүк билим берүү уюмунун» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 14-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
– «билим берүү уюмунун сунуштамасынын болушу (мамлекеттик, муниципалдык кызматчылар үчүн, иши республикалык бюджеттен каржылануучу же болбосо иштеген жери боюнча уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар уюмдар же ишканалар үчүн).»;
– 18, 20, 23¹-пункттарда «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«21. Контракт чет өлкөлүк билим берүү уюмдарына акча каражаттарын которуу үчүн негиз болуп саналат. Стипендиаттардын окуусу үчүн төлөө контракт таризделгенден кийин жүргүзүлөт.»;
– 22-пунктта «билим берүү жана илим» деген сөздөр «илим, жогорку билим берүү жана инновациялар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«24. «Эл үмүтү» стипендиясын төлөөгө каражаттар Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынан бөлүнөт.»;
– 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 24¹-пункт менен толукталсын:
«24¹. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын алкагында билим алып жаткан стипендиаттарды, анын ичинде алардын даярдоо багыттарын, академиялык жетишкендиктерин, окууну аякташын, ошондой эле окуусун бүтүргөндөн кийинки ишке орношуусун жана кесиптик иши тууралуу маалыматтарды эсепке алууну жана мониторинг жүргүзүүнү ишке ашырат.»;
– 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«25. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизилет.»;
– 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 25¹-пункт менен толукталсын:
«25¹. Окууга жөнөтүлүүчү стипендиаттар менен 5 (беш) жылдын ичинде иши республикалык бюджеттен каржылануучу же уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелерде, уюмдарда же ишканаларда эмгек ишин жүргүзүү же келишимдин шарттары бузулган учурда окууга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу милдеттенмелери жөнүндө келишим түзүлөт.
Стипендиаттар менен келишим түзүүнүн эрежелери, алар менен өз ара аракеттенүүнүн тартиби, ошондой эле окууга жөнөтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.»;
– 27-пункттун экинчи абзацында «окуу жайларга» деген сөздөр «билим берүү уюмдарына» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 28-пункттун экинчи абзацында «жогорку окуу жайларына» деген сөздөр «билим берүү уюмдарына» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |